Депутат Бекешев: Учурдагы мыйзамга башаламан өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

«Ар-Намыс» фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев өзүнүн жеке блогунда акыркы кездери Кыргызстандын парламентарилери менен өкмөтү тарабынан “бир караганда анча билинбеген, бирок ошол эле учурда жөнөкөй жарандардын күнүмдүк жашоосуна таасирин тийгизе турган өзгөртүүлөр” демилгеленип жаткандыгын, муну менен катар мыйзам чыгаруу процесси башаламан жана системалаштырылбаган мүнөзгө ээ болуп бараткандыгы жөнүндө жазган.

Бир нече мисал келтирейин. Маалыматык-укуктук «Токтом» базасынын маалыматы боюнча 2012-жылдын ичинде эле өкмөт Административдик жоопкерчилик жөнүндөгү кодекске өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө багытталган 11 мыйзам долбоорун демилгелеген. Эгер өкмөт системалуу түрдө иштегенде бул өзгөртүүлөрдүн бардыгы 1 же 2 мыйзам долбооруна бириктирилиши мүмкүн болчу.

2011-жылы аталган кодекске 11 өзгөртүү кабыл алынган, а толук эмес 2012-жыл үчүн – 12. 2011-жылы Кылмыш кодексине 9 өзгөртүү киргизилсе, толук эмес  2012-жылы 7 өзгөртүү киргизилген.

Эгер мыйзам чыгаруу базасы бардык жарандарга – райондук соттордун судьяларына, тергөөчүлөргө, мамлекеттик ишмерлерге, өлкөнүн аймактарында иштегендерге – жеткиликтүү болсо мезгил-мезгили менен болуп жаткан өзгөртүүлөрдү көйгөй катары эсептебей деле койсо болот.

Тилекке каршы бүгүнкү күндө мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр кээ бир учурларда аймактарга бир айдан кийин, ал жерлерге кагаз жүзүндө жеткенде гана белгилүү болуп жатат.

Өкмөт тарабынан мыйзам долбоорлорун демилгелөө процессин системалоо Юстиция министрлигинин милдети болуп саналат. Менин көз карашым боюнча, министрлик өз милдеттерин жеткиликтүү деңгээлде аткара албай жатат.

Депутаттар, ошондой эле өкмөт тарабынан демилгеленген мыйзам долбоорлорун бир системага келтирүү үчүн парламенте тиешелүү адистештирилген комитеттерди түзүү зарыл. Мисалы, кылмыш, кылмыш-процессуалдык, административдик, жарандык жана жарандык-прцессуалдык мыйзам долбоорлору боюнча комитеттер. Бул үчүн азыркы комитеттердин бир нечесин жоюш керек болуп калат же алардын ишинин багытын өзгөртүү керек.

Албетте, бардыгына жеткиликтүү болгон нормативдик-укуктук актылардын базасын түзүү мамлекеттин, өзгөчө Юстиция министрлигинин милдети болуп саналат – ар бир жаран, жашоо-шартына, жашаган аймагына карабастан мамлекеттик органдар жеткирүүгө милдеттүү болгон мыйзамдар, токтомдор менен тааныша алгыдай болуусу керек.

Которгон: Илгиз Чалбараков