ИИМ «койго кылгандай» мамилеси үчүн «күч сынашууга» чакырган милиция кызматкеринин иш-аракети боюнча тергөө жүргүзөт

Ички иштер министрлиги кармалган төрт адамды «тарбиялык мааниде» «күч сынашууга» чакырган милиция кызматкерине карата кызматтык тергөө жүргүзүүнү пландап жатат. ИИМдин кызматкерлери «Клооптун» кабарчысын көрсөтмө берүү үчүн келип кетүүсүн өтүндү.

“Клооптун” редакциясы 11-сентябрда укук коргоо органынын кызматкери кармалган төрт адамды күч сынашууга чакырып жатканда тартылып алынган видоену чыгарган.  Милиция кызматкерлери өтүп бара жатканда төрт чет өлкөлүктүн «тоодогу текелердей үн чыгаргандыгы» укук коргоо органынын кызматкеринин ачуусун келтирген.

Өзүн Улан деп тааныштырган милиция кызматкери «Клоопко» берген маегинде ал бул ишти тарбия берүү максатында кылгандыгын түшүндүргөн.

Бүгүн видеонун автору, «Клооптун» кабарчысы Илья Каримжановго ИИМдин кызматкери телефон чалып, көрсөтмө берүү үчүн саат экиге келип-кетүүсүн өтүндү — министрлик өзүнүн кызматкерине карата кызматтык тергөө баштоону пландап жатат.

Эскертүү, видеодо адепсиз сөздөр бар

http://www.youtube.com/watch?v=cD8C4e6x97I

Автор: Илья Каримжанов

Которгон: Илгиз Чалбараков