Орусия Путиндин Кыргызстанга келе тургандыгын ырастады

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги президент Владимир Путиндин 20-сентябрда Кыргызстанга келе тургандыгын расмий түрдө ырастады.

Билдирүүдө орус президентинин иш-сапарынын максаттары, сүйлөшүүлөрдүн күн тартиби жазылган эмес.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Нуржигит Кадырбеков Орусия президентинин өлкөгө келе тургандыгын ырастады, бирок андан аркы комментарий берүүдөн баш тартты.

«Мындан аркы комментарий жетекчилик менен макулдашып алгандан кийин, кийинчерээк болот», – деди Кадырбеков.

Буга чейин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Путиндин келе тургандыгы жөнүндө билдирген, бирок анда Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутько жарыяланган маалымат «эрте, шашылыш» жазылган деп айткан.

«ММКларга чыккан Владимир Путиндин Кыргызстанга боло турган иш сапары тууралуу маалыматтар бир аз эрте, шашылыш жарыяланган маалымат. Макулдашуу процессии аяктай элек, биз азыр келе турган күнүн, сүйлөшүүлөрдүн күн тартибин бекитүү стадиясындабыз», — деп жазган “К-Ньюс” маалымат агенттиги Крутьконун сөзүн.

Кадырбеков билдиргендей, бул Путиндин президент катары Кыргызстанга экинчи жолу келиши – биринчи жолу ал 2002-жылы биринчи президент Аскар Акаев менен жолугушуу үчүн келген. Акаев 2005-жылы «жоогазын» революциясынан кийин качып кеткен.

Путиндин Кыргызстанга акыркы сапары беш жыл мурун, 2010-жылдагы революциядан кийин качып кеткен Курманбек Бакиевдин убагында болгон – анда ал Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине катышу үчүн келген.

Сүрөт Орусиянын президентинин сайтынан алынды

Автор: Александра Ли

Которгон: Илгиз Чалбараков