ОшМУнун студенти кыргыз тилин өнүктүрүү үчүн интернет сайт иштеп чыкты

Мындай демилгени каржылап берүү үчүн Ош мамлекеттик университетинин студенти мэриянын жаштар комитетине сунуштаган. Жаштар комитети бул сайтка болжолдуу түрдө 100 миң сом жумшады. Серепчилер мамлекеттик органдарга интернет сайт ачуу – жөн гана акча короттуу деген пикирде.

23-сентябрь – мамлекеттик тил күнүнө карата kabarat.kg сайты ачылат. Кыргыз тилдүү сайт ачуу демилгесин ОшМУнун Бизнес жана Менеджмент факультетинин студенти Кубанычбек Турсубаев сунуштаган.

«Мен өзүм да студент болуп кыргыз тили деген тилин сөзсүз окуйт экенбиз. 1-2 курста ошондо аябай көп көйгөйлөр менен жолукканбыз. Китеп жетишсиз болгон, таппай калганбыз ошол керектүү теманы айрып кеткен учурлар болгон»,–деп айтты Турсубаев.

Сайттын ичинде кыргыз тилиндеги китептердин электрондук варианттары, кыргыз тарыхы жөнүндө макалалар, дил баян, рефераттардын кыргыз тилиндеги нускалары камтылат.

Жаштар комитетинин төрагасынын орун басары Медербек Абдыманапов бул демилегеге колдоо көрсөткөндүгүн интернетте кыргыз тилинде маалыматтарды табуу татаал болгондугу менен түшүндүрдү.

«Кыргыз тили боюнча реферат, дил баяндарды издегенде, бардыгы эле орус тилинде чыгып, рефераттардын баары орус тилинде чыккандыгына байлашыштуу ошол сайтты ачууга аргасыздык, муктаждык жаралган да»,–дейт Абдыманапов

Ал эми кыргыз тилин өнүктүрүүнү колдогон жарандык активист Улан Джумашевдин пикиринде, бул сайт ачылышы «пайдасыз», мамлекеттик тилин өнүктүрүү үчүн алгач максаттуу жана узак убакытка тил өнүктүрүү стратегиясын түзүү керек.

«Сайттын үстүнөн иштештин кереги жок ,сайт бул мэрия же башка мамлекеттик органдар үчүн каражат коротуунун эле бир жолу. Сайт активдүү тил политикасы боюнча көп элементтердин бири гана болуш керек […]»,–деп билдирди Джумашев.

Бирок кыргыз тилинин мугалими Нурбек Жунаев бул сайт кошумча маалымат булагын болоорун айтты.

«Кошумча булак болот бизге азыркы күндө компьютер менен интернет менен иштөө аябай жакшы болуп атат,үй тапшырмасын аткарууга дагы сабакта кошумча болот»,–деди Жунаев.

Кыргыз тилди өнүктүрүү үчүн ушуну менен мамлекет боюнча kabarat.kg бешинчи сайт болуп эсептелет. Калгандары булар: bizdin.kg, tili.kg, kyrgyz.lugovsa.net, жана kmb3.kloop.kg блогу.

Автор: Нуржамал Мураталиева

Редактор: Айзат Шакиева