Жалал-Абад: Кербенде жер силкинүү катталды, жапа чеккендер жок

Жер титирөө Жалал-Абад облусунун Кербен шаарынан 35 чакырым алыстыкта болду. АКШнын геологиялык агенттигинин маалыматы боюнча, силкинүнүн күчү 4,6 баллды түздү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин болжолдуу маалыматы боюнча жапа чеккендер жок.

Жер силкинүү Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында жайгашкан Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кербен шаарында сезилди.

«Кербенде жер титирөө, катуу силкинүү болду», — деп жазган интернет колдонуучу Адылжан Шамшиев болжол менен саат 12лерде өзүнүн «Фэйсбук» тармагындагы баракчасына.

Бул маалыматты жер силкинүүлөрүнө байкоо жүргүзгөн АКШнын геологиялык агенттиги ырастады.

Алардын байкоолору боюнча, силкинүүнүн күчү 4,6 баллды түзгөн.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги болжолдуу маалыматтар боюнча  жапа чеккендер жана кыйроолор жок экендигин «Клоопко» билдирди.

Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту силкинүү тууралуу маалыматты «беш мүнөттүн» ичинде жайгаштыра тургандыгын айтып убада берди.

Автор: Александра Ли

Которгон: Илгиз Чалбараков