Дүйшөбаев Баңгизатын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик агенттиктин башчылыгынан четтетилди

Кеңешбек Дүйшөбаев Баңгизатын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы кызматынан кетти, деп билдирет басма сөз кызматы. Анын ордун буга чейин аталган кызматты ээлеп келген, учурдагы Ички иштер министрлигинин кызматкери Алымбай Султанов ээледи.

Дүйшөбаевдин кызматтан кетишинин себебин Баңгизатын көзөмөлдөө агенттигинин басма сөз кызматы комментарийлөөдөн баш тартты — бул кызматка ал 3-августта дайындалган.

Дүйшөбаев аны эмне себептен кызматынан четтетишкендиктерин түшүнбөй жатат.

«Мен тараптан эч кандай тартип бузуу болгон жок. Мен бул кызматта бир эле ай иштедим, өкмөт мени эмнеге жумуштан чететкендигин түшүнбөй турам», – деп жазат «Вечерний Бишкек» гезитинин интернет басылмасы Дүйшөбаевдин сөзүн.

Бул боюнча түшүндүрмө берүү үчүн өкмөттүн басма сөз кызматы жеткиликсиз болуп жатат.

Алымбай Султанов буга чейин баңгизатын көзөмөлдөө тармагында иштеген – 2007-жылдан 2008-жылга чейин ал Баңгизатын көзөмөлдөө боюнча агенттикти жетектеген.

Баңгизатын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы кызматына дайындалганга чейин ал өкмөттүн аппаратынын коопсуздук, коомдук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүн жетектеген.

Автор: Шерзод Бабакулов

Редактор: Александра Ли

Которгон: Илгиз Чалбараков