Экономика министрлиги бажы документтерин алуу процедурасын жөнөкөйлөттү

«Бирдиктүү терезе» программасы товарларды чек ара аркылуу алып өтүү үчүн керектүү болгон документтерди алуу процедурасын жөнөкөйлөтөт.

Экономика министрлиги «Бирдиктүү терезе» борборун 12-сентябрда ачты — ал бажы документтерин алуудагы убакытты азайтууга мүмкүндүк берет.

Бүткөн бир формага келтирүү үчүн керек болгон документтердин саны өзгөрүлбөйт — маалымкат алуу процессии гана өзгөрөт.

«Биз аларды [мекемелерди] бир маалыматтык системага бириктирдик, тактап айтканда, бардыгына тең автоматташтырылган жумушчу орундарын орнотуп, байланыш алып келип, программалык камсыздоолорду иштеп чыктык. Алар аркылуу ишкер кеңседен чыкпастан эле документтерин жөнөтө алат», — деп билдирди «Клоопко» берген маегинде «Бирдиктүү терезе» борборунун башкы директору Кылычбек Жакыпов.

Министрликтин басма сөз кызматынын кызматкери Бекжан Мурзакматов «Клоопко» берген маегинде документтерге билдирме жиберүүнүн мөөнөтү 15-17 күндөн 20 мүнөткө чейин кыскартылгандыгын айтып, бирок жалпы процедура канча убакытка созулары азырынча белгсиз экендигин билдирди.

«Ал [процедура] мекеменин регламентине байланыштуу болот. Алар азыр эски регламенттер менен иштеп жатышат – азырынча биз автоматташтыра элекпиз», – деп билдирди Мурзакматов.

Мурзакматов документтерди чогултуу үчүн кайрылуу керек болгон министрликтер 2013-жылы система боюнча иштеп баштайт деди. Ал кошумчалагандай, бирок «Бирдиктүү терезе» системасы иштеп жатат жана жарандар ал борборго өз билдирмелерин берсе болот.

«Бизде оңдоо иштери жүрүп жатат. Тактап айтканда, катышкан мекемелердин бардыгын этап-этабы менен кое беребиз», – дейт басма сөз кызматынын кызматкери.

Автор: Карина Жолдошева

Редактор: Александра Ли

Которгон: Илгиз Чалбараков