«Коррупцияга» күнөөлөнүп жаткан Түлеевдин «жардамчысы» кармалды

Атайын кызматтагылар Бишкек мэриясынын мурунку кызматкерин кармашты – тергөөнүн версиясы боюнча, ал өз жетекчиси – Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеевге таштанды ташуучу унааларды сатып алуудагы «коррупцияга» жардам берген.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы мекеменин Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан Бишкек мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси Руслан Бейшенбаев кармалгандыгын билдирди – ал депутат Нариман Түлеевге «коррупциялык» иштерди жасоого жардам берген деп шектелип жатат.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Бейшенбаев 2008-жылы «Тазалык» муниципалдык ишканасына таштанды ташый турган унааларды жогорулатылган баада сатып алуу боюнча түзүлгөн келишимге кол койгон.

Мекеменин басма сөз кызматы тергөөнүн сыры деп, анын кармалуусу боюнча кененирээк маалымат берүүдөн баш тартты.

15-сентябрда Башкы прокуратура Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеев жана мекеменин башка кызматкерлери тарабынан болгон «мыйзам бузуу» фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон — алар «коррупцияга» күнөөлөнүп жатышат.

Бейшенбаев учурда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында камакта.

«Клооп» анын жактоочусу менен байланыша алган жок.

Мурунку шаар башчысынын кармалышы

Башкы прокуратура Түлеевдин биринчи иши боюнча аны 2012-жылдын 21-июнунда кармаган. Төрт күндөн кийин Биринчи май райондук соту аны УКМКнын тергөө абагына камоо чечимин чыгарган.

Депутат 2008-2010-жылдары Бишкек шаарынын мэри болуп турганда коррупциялык иштерге аралашкан деп күнөөлөнүп жатат. Башкы прокуратуранын версиясы боюнча, ал 200 кытай автобусун жогорулатылган баада сатып алган.

Экс-мэр болсо айыптоолорду моюнуна албай, автобустарды базар баасынан төмөнкү баада сатып алгандыгын айтып жатат.

Депутатка карата экинчи кылмыш иши Биринчи май райондук соту Түлеевди УКМКнын тергөө абагынан үй камагына кое берүү чечимин чыгаргандан кийин козголгон.

Өлкөнүн башкы көзөмөлдөөчү органы мурунку шаар башчысы 2008-жылы «Тазалык» муниципалдык ишканасына таштанды ташый турган унааларды алып келүүдө мыйзам «бузгандыгын», ошондой эле Шопоков көчөсүндө жайгашкан мурунку бала бакчанын имаратын «мыйзамсыз» саткандыгын аныктаган.

Мурунку шаар башчысына карата Башкы прокуратура 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин эле  кылмыш ишин козгогон. Бирок Түлеев оппозициялык «Ата-Журт» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлангандан кийин кылмыш иши токтотулган.

Автор: Александра Ли

Которгон: Илгиз Чалбараков