«Одноклассники» кыргыз тилине которулгандыгын расмий түрдө жарыялады

«Одноклассники» социалдык тармагы таандык болгон «Мэйл.Ру Груп» интернет-компаниясы сайт кыргыз тилине которулуп жаткандыгын расмий түрдө жарыялады — мобилдик версиясы кыргыз тилдүү колдонуучулары үчүн жеткиликтүү, ал эми негизги сайттын үстүндө иш алып баруу бир айдын аралыгында аяктайт.

«Одноклассники» долбоору «Алекса» изилдөө компаниясынын статистикасына көңүлүн бурган – анда компания «Одноклассникини» Кыргызстандагы эң популярдуу социалдык тармак деп атаган. Мындан кийин негиздөөчүлөр сайтты кыргыз тилине которуу чечимине келишкен.

«Одноклассники Кыргызстандагы өтө популярдуу сайттардын арасына кирет, ал «Гугл» менен «Мэйл.рудан» кийинки үчүнчү орунда турат. [...] Биздин социалдык тармакта ар бир адам өзүнүн достору, жакындары менен эне-тилинде сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүн алуусу үчүн биз болгон аракетибизди жумшадык», — деди компаниянын маркетинг боюнча директору Александр Изряднов.

Долбоордун басма сөз кызматы билдиргендей, сайттын кыргыз тилиндеги мобилдик версиясы колдонуучулар үчүн жеткиликтүү, ал эми негизги сайттын үстүндө иш алып баруу бир айдын аралыгында аяктайт.

Компания ошондой эле «Одноклассники» тиркемесин Android, iOS жана Windows Phone операциялык системаларына өткөрүүнүн үстүндө иштеп жатат.

Сайттын 808 миң колдонуучусу өзүнүн мамлекетин «Кыргызстан» деп көрсөткөн — медиа-серепчи Марат Токоев «Одноклассники» сайтынын кыргызчага которулгандыгына жактырган баасын берди.

«Биринчиден, бул кыргыз тилдүү колдонуучулардын өтө көбөйгөндүгүн көрсөтүп жатат», — деди Токоев «Клоопко» берген маегинде.

Ал бул мамлекеттик тилге которулган акыркы социалдык тармак эмес экендигине үмүт арта тургандыгын билдирди.

Медиа-серепчи сайттын кыргыз тилдүү версиясы аны өтө деле популярдуу кыла албайт деп болжолдойт.

«Мен кыргыз тилиндеги «Одноклассники» өтө деле популярдуу болбойт деп ойлойм. Ал жөн гана орусча версиясындагы кызматтары менен кыргыз тилинде болот», — деп эсептейт Токоев.

«Одноклассники» социалдык тармагынан сырткары «ВКонтакте» тармагы менен «Скайп» видеочалууларынын сервиси кыргыз тилине которулган.

Автор: Айшоола Айсаева

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Илгиз Чалбараков