«Пара талап кылууга» күнөөлөнүп жаткан чиновниктин «шериги» кармалды

Атайын кызматтагылар Жогорку соттун аппарат бөлүмүнүн жетекчисин кармашты – алардын версиясы боюнча, ал Социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы социалдык камсыз кылуу департаментинин директору Гүлнара Дербишевага «пара талап кылып», акча алууга жардам берген. Учурда кармалган адам Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында камакта.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдиргендей, мекеменин Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан 4-сентябрда «коррупцияга» күнөөлөнүп жаткан Гүлнара Дербишевага «ортомчу» болгон деген шек менен Жогорку соттун аппарат бөлүмүнүн жетекчиси Улугбек Сүйөркулов кармалган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Сүйөркулов эл аралык уюмдун өкүлүнөн 30 миң АКШ долларын пара катары «талап кылууга» жардам берген, деп билдирет УКМК.

Мекеменин басма сөз кызматы тергөөнүн сыры деп, анын колго түшүрүлүшү тууралуу кеңири маалымат берүүдөн баш тартты.

Сүйөркуловго карата Башкы прокуратура «пара талап кылуу» жана «алуу» беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду.

6-сентябрда Биринчи май райондук соту Жогорку соттун кызматкерин УКМКнын тергөө абагына камоо чечимин чыгарган.

«Клооп» Сүйөркуловдун жактоочусу менен байланыша алган жок.

Дербишеванын кармалышы

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Дербишеваны 31-августта 7 миң АКШ долларын «пара катары алып жаткан жеринен» кармашкан.

Башкы прокуратура «пара талап кылуу», «пара алуу» жана «кызмат абалынан пайдаланып зыян келтирүү» беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Дербишеваны УКМКнын тергөө абагына бир айга камашты.

Чиновниктин жактоочусу Искендер Жоробаев «Клоопко» берген маегинде жаңылыштык болуп калгандыгын жана Дербишева пара талап кылбагандыгын билдирген.

«Пара алып жаткандыгы боюнча бир дагы факты далилденген жок», — дейт жактоочу.

Анын айтымында, Дербишева пара алып жаткан жеринен эмес, өз каражатына он миң АКШ долларына бааланган медициналык аппараттарды сатып алуу маалында кармалган.

Дербишеваны колго түшүрүү маалында ал сатуучуларга акчанын бир бөлүгүн — 7 миң долларын берип жаткан, деди Жоробаев.

Социалдык өнүктүрүү министрлигиндегилер бул боюнча комментарий берүүдөн баш тартышкан.

«Коррупцияга» Дербишеванын жетекчиси, Социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабиров да күнөөлөнгөн — июндун аягында аны чет элдик компаниялардын бирине Кыргызстандын аймагында балдарды Эл аралык асыроо тармагында иш алып барууга аккредитация маселесин чечип берүү үчүн 20 миң АКШ долларын талап кылган, деген шек менен кармашкан.

Сабиров болсо ага карата коюлган айыптардын бардыгын четке кагып жатат

Гүлнара Дербишева Курманбек Бакиев президент болуп турганда парламент депутаты болгон. Бакиев качып кеткен соң 2011-2012-жылдары Социалдык өнүктүрүү министринин орун басары кызматын ээлеп келген.

Автор: Азат Рузиев

Редактор: Александра Ли

Которгон: Илгиз Чалбараков