Парламент Жогорку сотко 25 талапкерди бекитти

Жогорку Кеңеш президент Алмазбек Атамбаев тарабынан сентябрдын башында көрсөтүлгөн 25 судьяны Жогорку сотко бекитти. Сотторду тандоо кеңешинен жогорку соттук органга дагы 10 талапкерди тандоо боюнча сынак качан өткөрүлө тургандыгы азырынча белгисиз экендигин билдиришти.

«Ар-Намыс» фракциясынан депутат Дастан Бекешев  өзүнүн «Твиттердеги» баракчасы аркылуу депутаттар Жогорку сотко талапкер болгон 25 судьянын бардыгы үчүн добуш бергендиктерин билдирди.

Жогорку Кеңештеги добуш берүү жашыруун түрдө болду.

«К-ньюс» маалымат агенттигинин билдирүүсү боюнча, бул депутаттардын экинчи жолку добуш берүүсү — 12-сентябрдагы жыйынында «ата-журтчу» Акматбек Келдибековдун ишеним кат боюнча жашыруун добуш берүү жөнүндөгү нааразычылыгынан улам добуш берүү болбой калган.

Жогорку сотко жалпысынан 35 судья кирет.

Сотторду тандоо кеңеши 2012-жылдын августунда өлкөнүн жогорку сот органына 32 талапкерди тандап, аларды президент Алмазбек Атамбаевдин кароосуна жиберген.

Президент сунушталган талапкерлерди карап чыгып, алардын 25ин парламентке жөнөнтүп, калган жети талапкерди кайра кеңешке жиберген.

Кеңештин мүчөсү Шамарал Майчиевдин айтымында, Сотторду тандоо кеңеши өтпөй калган жети кишинин талапкерлигин келерки, 14-сентябрдагы жыйынында карайт.

Ал кошумчалагандай, кеңеш жыйындын жүрүшүндө дагы үч талапкерди тандап алуу үчүн өткөрүлө турган сынактын мөөнөтүн да талкууга алат.

«Биз жетөөсү [талапкерлердин] тууралуу маселени чечкенден кийин канча ваканттуу орун боло тургандыгы белгилүү болот — он, жети же алты болушу мүмкүн», — дейт Майчиев.

Бекитилген талапкерлердин тизмеси:

  • Жакып Абдырахманов
  • Айжамал Ажибраимова
  • Арзыбек Акыев
  • Болотбек Акматов
  • Бактыгүл Аманалиева
  • Нурсейит Арапбаев
  • Дилара Арстанбаева
  • Жаухарат Байзулаева
  • Бусурманкул Бактыгулов
  • Каныбек Бокоев
  • Дильфуза Боронбаева
  • Феруза Жамашева
  • Кабылбек Жумашов
  • Абиджан Исаков
  • Гүлбара Калиева
  • Дилбар Кулматова
  • Абылай Мухамеджанов
  • Маргарита Мельникова
  • Камиль Осмоналиев
  • Нургүл Сатыбалдиева
  • Жамалкан Исакова
  • Канатбек Турганбеков
  • Лепес Темирбеков
  • Галина Үмөталиева
  • Качыке Эсенканов

Тандап алуудагы мыйзам бузуулар

Сот системасын көзөмөлдөө боюнча жарандык кеңеш Жогорку сотко талапкерлерди тандап алуу процесси менен макул болгон эмес.

Жарандык кеңештин мүчөсү Нурбек Токтакунов август айынын аягында Сотторду тандоо кеңешинин кээ бир мүчөлөрү Жогорку сотко талапкерлер үчүн добуш берип жатканда акчага сатылган деп, шек санаган.

«Тиешелүү баллдарды топтой албай калган, бирок акчалуу инсандар өтүп кетишти», — деди Токтакунов.

Тандап алуу эки этапта өткөн — биринчисинде талапкерлерди баллдык система боюнча баалашкан, ал эми экинчисинде судьяларды добуш берүү ыкмасы менен тандашкан.

Токтакуновдун айтымында, экинчи турдагы добуш берүүдөн кийин биринчи этапта аз балл алган талапкерлер алдынкы орундарга чыгып калышкан. «Ал жерде коррупциялык сүйлөшүүлөр болгон. Биз анда чын эле тигил же бул талапкердин өтүп кетүүсүнө шарт түзө турган жашыруун кворум түзүлгөн деп эсептейбиз», – дейт Токтакунов.

Сот реформасы

Жогорку соттун жаңы курамын тандап алуу 2011-жылдан бери болуп жаткан соттук реформанын алкагында өтүп жатат.

Сотторду тандоо кеңеши 2011-жылдын июль айында Конституциялык палатанын, Жогорку соттун жана жергиликтүү соттордун жаңы курамын тандоо үчүн негизделген.

Анда сотторду тандоо ишке ашпай калган, анткени президент Роза Отунбаева Конституциялык палатага үч талапкерди өткөрүп, жогорку сотко бир дагы талапкерди өткөрбөй койгон.

Депутаттар 2011-жылдын октябрында Сотторду тандоо кеңешинин ишин убактылуу токтотуп туру чечимине келишкен. Кеңеш 2012-жылдын май айында иштеп баштаган — анда Жогорку сотко жаңы талапкерлерди тандоо жарыяланган.

Авторлор: Улугбек Акишев жана Эльдос Казыбеков

Которгон: Илгиз Чалбараков

Сүрөт «Кньюс» маалымат агенттигинин» сайтынан алынды