Премьер-министр «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын жетекчисин алмаштырды

Министрлер кабинетинин башчысы Жантөрө Сатыбалдиев Бактыбек Кунаевди «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын башкы директору кызматынан бошотуп, анын ордуна Орозбек Нусувалиевди дайындады. Нусувалиев буга чейин Кыргызстандын Коомдук палатасынын экономика боюнча комиссиясынын төрагасы болгон.

Кунаевди кызматынан бошоткондуктарынын себептери белгисиз — өкмөттүн басма сөз катчысы Нурзат Токтогулова комментарий берүүдөн баш тартты.

«Бишкек» эркин экономикалык аймагынын башчысы болуп Кыргызстандын Коомдук палатасынын экономика, бюджет, каржы жана отун-энергетикалык комплекси боюнча комиссиясынын төрагасы Орозбек Нусувалиев дайындалды.

Нусувалиев «Клоопко» жумуш менен алек болуп жаткандыгын айтып, андан аркы комментарий берүүдөн баш тартты.

Кунаев болсо анын кызматтан четтетилгендиги боюнча комментарий берүү үчүн жеткиликсиз болуп жатат.

«Бишкек» эркин экономикалык аймагында 80 компания жайгашкан, ошондой эле 22 өлкөдөн келген инвесторлор иштейт.

Автор: Азат Рузиев

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Илгиз Чалбараков