Энергетика министринин мурунку орун басары «алдамчылык» кылгандыгы үчүн кармалды

Атайын кызматтагылар энергетика министринин мурунку орун басары Шакир Саидовду «Улуттук электр станциялары» ААКсына жабдыктарды жеткирүүдө «алдамчылык» кылган деп шекшип жатышат.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы 10-сентябрда мекеменин Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан «алдамчылык» кылган деген шек менен энергетика министринин мурунку орун басары Шакир Саидов кармалгандыгын билдирди.

Тергөөнүн версиясы боюнча, 2011-жылы мурунку чиновник «Улуттук электр станциялары» ААКсына эскирип калган электр жабдыктарын жогорулатылган баада – 3 миллион сомго – жеткирген.

УКМКнын басма сөз кызматы тергөөнүн сыры деп, Саидовдун кармалгандыгы боюнча кенен маалымат берүүдөн баш тартты.

Чиновникке карата Башкы прокуратура «алдамчылык» жана акча «уурдоо» боюнча кылмыш ишин козгоду.

Саидов учурда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында камакта.

«Клооп» министрдин мурунку орун басары, ошондой эле анын жактоочусу менен байланыша алган жок.

Саидов энергетика министринин орун басары болуп 2009-2010-жылдары иштеген.

Автор: Александра Ли

Которгон: Илгиз Чалбараков