Камактагы укук коргоочу Аскаров басма сөз эркиндиги үчүн сыйлык алды

Өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаров басма сөз эркиндиги үчүн Эл аралык сыйлыктын 2012-жылдагы лауреаты болду, деп жазат сыйлыкты ыйгара турган «Журналисттерди коргоо боюнча комитет».

Аскаров — 2012-жылы «Журналисттерди коргоо боюнча комитеттен» басма сөздүн эркиндиги үчүн сыйлык алган төрт журналисттин бири.

«Чындык үчүн күрөшүүдө өзүнүн бекем жактоочулугуна көп эмгек жумшаган бул журналисттердин мисалдары бизди шыктандырды», — дейт «Журналисттерди коргоо боюнча комитеттин» аткаруучу директору Джоэл Саймон.

«Алардын экөөсү, Азимжан Аскаров менен Дхондуп Ванчэнь өздөрүнүн сын репортаждары үчүн кармалышкан. Биз аларды кое бермейинче тынчыбайбыз», — деп улантты Саймон.

Сыйлыктарды тапшыруу 2012-жылдын 20-ноябрында Нью-Йоркто болот.

Аскаров — укук коргоо органдарындагы кыйноолор менен күрөшкөн Жалал-Абад облусунан чыккан этникалык өзбек — 2010-жылы алгач төмөнкү инстанциядагы сот тарабынан, андан кийин Кыргызстандын Жогорку соту тарабынан өмүр бою эркинен ажыратылган.

Аны өлкөнүн түштүгүндөгү 2010-жылдын июнунда болгон кыргыздар менен өзбектердин ортосундагы жаңжал маалында «улуттар аралык араздашууну тутандырган» жана милиция кызматкери Мыктыбек Сулаймановду өлтүргөн деп күнөөлөшкөн.

«Эл аралык амнистия» уюму баш болгон бир топ укук коргоочу уюмдар Аскаровду куугунтуктоону сынга алышкан – алар чечим милиция кызматкерлеринин көрсөтмөлөрүнүн негизинде чыгарылгандыгын, ал эми укук коргоочуга карата «кыйноолор колдонулуп», анын иши боюнча процесс олуттуу мыйзам бузуулар менен коштолгондугун айтышкан.

2012-жылдын май айында Аскаровдун жактоочусу Евгения Крапивина жактоочу тарап дагы 10 жаңы күбөнүн көрсөтмөсүн нотариалдык жактан күбөлөндүрө алгандыгын билдирген.

Алардын бардыгы тең 2010-жылдагы улуттар аралык жаңжал маалында милиция кызматкери Сулайманов каза болгон Базар-Коргон айылындагы көпүрөдө укук коргоочу болбогондугун айтышкан.

Автор: Александра Ли

Которгон: Илгиз Чалбараков