Жалал-Абад: жер силкинүүдөн улам беш мектеп жабыр тартты

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы беш мектеп 14-сентябрдагы жер силкинүүдөн жабыр тартты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, айылдагы мектептердин фундаменттери жерге батып, эски жаракалар кеңейип кеткен. Облустук мамлекеттик администрациянын кызматкери балдар ал мектептерде окууларын улантып жатышкандыктарын билдирди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Жалал-Абад облусундагы жер силкинүүдөн улам Аксы районундагы беш мектеп жабыр тарткандыгын билдирди.

ӨКМдин маалыматы боюнча, мектептердин терезелери талкаланып, жаңы жаракалар пайда болгон, а эскилери кеңейип кеткен.

«Эки-үч терезенин айнектери сынып, дубалдарында бир аз жаракалар пайда болгон. А негизинен бардыгы жакшы, иштесе боло турган абалда», – деп маалыматтарды ырастады Жалал-Абад обладминистрациясынын Курулуш бөлүмүнүн башкы адиси Нурлан Сүйөркулов.

Аты-жөнүн атагысы келбеген администрациянын социалдык бөлүмүнүн башкы адиси мектептердеги жаракаларга карабастан балдар окуп жаткандыктарын айтты.

Улуттук илимдер академиясынын алдындагы Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, жер силкинүү 14-сентябрда эртең менен болгон. Анын күчү 4 баллды түзгөн.

ӨКМдин болжолдуу маалыматы боюнча, жер силкинүүнүн очогу Өзбекстандын аймагында болгон. Каза болгондор жана жабыр тарткандар жок.

Өткөнкү жер силкинүү да Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кербен шаарынан 35 чакырым алыстыкта 12-сентябрда болгон. Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, жер силкинүүнүн күчү 5-6 баллды түзгөн.

Анда Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги «Клоопко» берген маегинде болжолдуу маалыматтар боюнча жабыр тарткандар жана кыйроолор жок деп билдирген.

Автор: Нуржамал Жаныбекова
Редактор: Александра Ли
Сүрөттүн автору: Евгений Погребняк