Башкы прокуратура «Ата-Журттун» лидерлерин Бакиевдердин мүлктөрү боюнча суракка алат

«Ата-Журт» фракциясынан депутат Садыр Жапаров качып кеткен президент Курманбек Бакиевдин мүлкүнө «мыйзамсыз» ээ болгон деп күнөөлөнүп жатат — бул иш боюнча Башкы прокуратура Жапаров менен партия лидери Камчыбек Ташиевди суракка алат. Депутаттар өздөрү айыптоолорду «негизсиз, далилденбеген» деп эсептеп жатышат.

Башкы прокуратура Жапаровго карата кылмыш ишин козгоду, деп билдирди журналисттер менен жолугушуу маалында Башкы прокуратуранын ички тергөө бөлүмүнүн жетекчиси Каныбек Турдумамбетов.

Жапаровду «алдамылыкка» жана «кылмыш жолу менен алынган мүлктү сатууга» күнөөлөштү — Башкы прокуратура парламентарийди депутат Туратбек Мадылбековдун уулу Эльдарга карата козголгон кылмыш ишинин алкагында жоопкерчиликке тартуу ниетинде.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, Эльдар Мадылбеков Бакиевдерге тиешелүү болгон имаратка «мыйзамсыз» ээлик кылып, аны жасалма документтер аркылуу Жапаровго сатып жиберген.

«Клооп» Жапаров менен байланыша алган жок.

Турдумамбетов билдиргендей, башкы прокуратура качып кеткен президенттин мүлкүн уурдоого Ташиевдин да тиешеси бар деп шекшип жатат — ага карата кылмыш иши козголгон жок, бирок ал дагы сурак берүү үчүн прокуратурага баруусу керек.

Ташиев «Клоопко» берген маегинде Жапаровдун дарегине айтылып жаткан айыптоолорду «далилсиз, негизделбеген» жана «мезгилсиз» деп атады.

«Садыр Жапаров аталган имаратты сатып алууда анын баасын толугу менен төлөп, мамлекеттик каттоо кызматы аркылуу жол-жоболоштурган. Юридикалык жактан бардыгын туура кылган жана ал кайсы бир имаратты сатып алгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылбоосу керек», — деди «Клоопко» Ташиев.

«Ата-Журттун» лидери ага карата Башкы прокуратура күнөө койбогондугун айтты.

«Мага карата кылмыш ишин козгоону каалап жатышат деген сөзгө мен каалоо эч качан зыян эмес деп айтаар элем. Менин фамилиямды мындай иштер менен байланыштырууга болбойт. Мен сатуучуну да, сатып алуучуну да көргөн эмесмин», — деди Ташиев.

Талашка түшүп жаткан Бишкек шаарынын Киев жана Ибраимов  көчөлөрүнүн кесилишиндеги имаратта эми «Ата-Журт» партиясынын штабы жайгашкан.

Азырынча депутаттарды кайсы күнү суракка алышат белгисиз.

Эльдар Мадылбеков 15-сентябрда кармалган — аны Бакиевдердин мүлкүн уурдоого күүнөөлөштү.

Автор: Карина Жолдошева

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Илгиз Чалбараков