Москва: мекендештерин кармагандыктары үчүн мигранттар полицияга «кол салышты»

Алты «мыйзамсыз» соода кылган соодагерди кармагандыктары үчүн К;ыргызстандан жана Тажикстандан барган мигранттар Москва полициясына «кол салышты». Азырынча Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинде бул окуя боюнча маалымат жок.

Мекендештерин кармагандыктары үчүн 100гө жакын мигрант Москва полициясына «кол салды», деп билдирет  «Интерфакс» маалымат агенттиги.

Мигранттар полиция автобусун көздөй таштарды, арматураларды ыргытып, аны ары-бери чайкалтышкан. Колго түшүрүү маалында беш полиция кызматкери жарат алды, деп жазат маалымат агенттиги.

«Алардын денелери көгөрүп, сыйрылган жерлери көп болчу», деп жазат Орусия ИИМинин башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын билдирүүсүн «Интерфакс».

Полиция кызматкерлерине «кол салгандыктары» үчүн эки тажикстандык, үч кыргызстандык жана бир египеттик кармалды.

15-сентябрда рейд учурунда полиция кызматкерлери «мыйзамсыз соода кылгандыктары үчүн» бир тажикстандык менен Кыргызстандын беш жаранын кармаган.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул окуя боюнча эч нерсе билбей тургандыктарын айтып, түштөн кийин маалымат берүүнү убадалады.

Автор: Александра Ли

Которгон: Илгиз Чалбараков

Сүрөттүн автору: Елена Скочило