Орусия: кыргызстандык катышкан жол кырсыгынан эки полиция кызматкери каза болду

15-сентябрда Москва облусунун Истринск районунда Орусия полициясынын майору рулду башкара албай кыргызстандыктын «КамАз» жүк унаасы менен сүзүшкөн. Жыйынтыгында полиция кызматкери менен анын эки жүргүнчүсү кырсык болгон жерде каза болду, а кыргызстандык жеңил жарат алган.

Истринск полициясынын 33 жаштагы майорунан сырткары анын унаасында 30 жаштагы майор менен 31 жаштагы украиналык жумушсуз адам болгон — алардын бардыгы «КамАз-5410» жүк унаасы менен болгон кагылышта каза болду, деп жазылган  Москва облустук ички иштер башкы башкармалыгынын сайтында.

Сайттагы маалыматка ылайык, унаа кырсыгына рулду башкара албай калган полиция кызматкери күнөөлүү экендигин моюнуна алган.

«Московский Комсомолец» гезитинин сайтында  21 жаштагы «КамАз» жүк унаасынын айдоочусу, Кыргызстандын жараны Махмуджан Ахматов жеңил жарат алгандыгы жана ал медициналык жардамдан баш тарткандыгы жазылган.

Полиция кырсыктын келип чыгышын иликтеп жатат — анын жыйынтыгы боюнча, бир катар жетекчилер дисципплинардык жоопкерчиликке тартылат, деп жазылган Москва облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын сайтында.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Нуржигит Кадырбеков бул окуя боюнча эч нерсе билбейт.

Унаа кырсыгы 15-сентябрда саат 17:00дө Москва облусунун Истринск районундагы Снегири айылынан алыс эмес жердеги Волокамский унаа жолунда болгон.

Автор: Зарема Султанбекова

Которгон: Илгиз Чалбараков