Ташчайнар Германиядагы таланттар сынагына катышат

Ташчайнар деген ат менен белгилүү болгон күчтүү балбан Нурлан Алишеров 2013-жылдын башында Берлин шаарында өтө турган «Германия таланттарды издейт» сынагына катышат. Ташчайнардын продюсери сынакка барып келүү үчүн каражат топтоону баштады.

Ташчайнардын продюсери Вячеслав Кудинин балбан Германияга барууга даярданып жаткандыгын «Клоопко» билдирди.

«Даярдыктар жүрүп жатат, тактап айтканда, өнөктөштөр менен иштөө, сценалык кийимдерди түзүү иштери», — дейт Кудинин.

40 жаштагы Ташчайнар сынакта негизинен Кыргызстанда көрсөтүп жүргөн трюктарын көрсөтөт — цинктелге темирди тиши менен жыртып, тишинин жардамы менен оордуктарды көтөрөт.

«Германия таланттарды издейт» сынагы 2013-жылдын кышында болот — Алишеровдун продюсери сынакка баруу үчүн каражат издеп жатат.

Ташчайнардын акыркы жетишкендиктеринин арасында 24 тонналык АН-24 учагы менен жасаган трюгу бар, анда ал учакты төрт метрге чейин тартып барган.

Кыргызстандан чет өлкөлүк таланттар сынагына биринчилерден болуп бийчи Атай Өмүрзаков барган. Ал «Украинада таланттар бар» сынагынын финалдык бөлүгүнө өткөн.

Кудининдин айтымында, Ташчайнардан сырткары бул сыяктуу сынактарга катышуу үчүн башка кыргызстандык таланттар да Улуу Британиядагы, Украинадагы жана Канададагы сынактарга билдирме жөнөтүшкөн.

Продюсер мисал катары 20 жаштагы Азамат Бараковду келтирди. Ал да Алишеровдукуна окшогон номурларды аткарат.

Кудинин 10 жаштагы Чынар Мадимкуловго үмүт артат. Айтымында Мадимкулов «элестете алгыс» гимнастикалык трюктарды аткарат.

Автор: Бегаим Токтакунова

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Илгиз Чалбараков