Укук коргоочулар Орусияда кыздарды кордогон «патриотторду» өздөрү издеп башташты

Кыргызстандык укук коргоочулар Орусияда кыргыз кыздарын кордогон деп шектелип жаткан «Патриоттор» тобунун мүчөлөрүн издөө чакырыктарын социалдык тармактар аркылуу таркатышты. Кыргызстандын Ички иштер министрлиги топтун бир нече мүчөсүн аныктагандыктарын жана аларды колго түшүрүү боюнча иштер жүргүзүлүп жаткандыгын айтты.

«Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы» коомдук фондунун башчысы Динара Ошурахунова «Клоопко» берген маегинде идеянын демилгечилери «патриотторду» өз күчтөрү менен издөө чечимине келгендиктерин билдирди.

Ал демилге көңүл бурдурууга арналган дейт — Ошурахунова мындай ыкмалар Кыргыз милициясынын «патриотторду» тезирээк колго түшүрүүсүнө «түрткү берет» деп эсептейт.

«Бул демилге милициянын көңүлүн «патриотторду» издөөгө бурдуруу үчүн керек», – дейт укук коргоочу.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын кызматкери Эрнист Осмонбаев мекеме «патриоттордун» бир нечесинин ким экендигин аныктагандыгын, бирок кылмыш Орусиянын аймагында болгондуктан алардын жардамысыз эч аракет кыла албай тургандыктарын айтты.

Осмонбаевдин айтымында, алар бул факт боюнча тергөө жүргүзүп жаткан орусиялык полиция менен кызматташып жатышат.

«Учурда кылмышка катышкандарды аныктап, колго түшүрүү боюнча иштер жүрүп жатат», – деп билдирди басма сөз кызматынын кызматкери.

«Патриоттор»

Өздөрүн «Патриот» кыймылынын мүчөсү деп атаган Кыргызстандан барган эркек мигранттар башка өлкөнүн өкүлдөрү менен жыныстык катнашта болгон мекендештерин өкүмсүз эле жазалашкан деп шектелип жатышат.

Алар кыздарды суракка алуу процессин жана уруп-соккондорун видеого тартып, аны социалдык тармактарга жайгаштырышкан.

Кыздарды кышында да эшикте чечинткен учурлар катталган.

«Патриоттор» тарабынан тажик менен мамиледе болгон деп күнөөлөгөн Сапаргүл аттуу кыз жабыр тарткандардын алгачкыларынын бири болгон. Аны кордоо учурунда тартылып алынган видео интернетке 2012-жылдын февралында чыккан.

Ал окуядан үч ай өткөн соң Сапаргүл Екатеринбург шаарынын полициясына арыз менен кайрылган, кийинчерээк кармалган балдарды тааныган

Аларга карата «тоноочулук» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, белгиленген аймактан чыкпоо өкүмү менен кое беришкен.

Автор: Александра Ли

Которгон: Илгиз Чалбараков