Кыргызстан Мухаммед пайгамбар жөнүндөгү «чагымчыл» тасманы айыптады

Кыргызстандын расмий позициясын Тышкы иштер министрлиги билдирди — мекеменин басма сөз катчысынын айтымында, өлкөнүн бийлиги «Күнөөсүз мусулмандар» тасмасын «чагымчыл» деп атап, аны айыптады.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Нуржигит Кадырбеков журналисттер менен жолугушуу маалында «Күнөөсүз мусулмандар» тасмасы мусулмандардын сезимин басмырлагандыгын айтты.

«Тасмаларды жаратууда сөз эркиндигинин фундаменталдык укуктарынын чегинен чыкпаш керек. Кыргызстан да дипломатиялык объектилер менен анын кызматкерлерине күч колдонууну туура эмес деп эсептейт», — деди Кадырбеков.

Кадырбеков Каирдеги (Египет) АКШнын элчилигине жана Бенгазидеги (Ливия) башкы консулдугуна согушчандардын кол салуусу тууралуу айтып жатып Кыргызстан дипломатиялык объектилер менен анын кызматкерлерине күч колдонууну туура эмес деп эсептей тургандыгын билдирди.

18-сентябрда парламент депутаты Турсунбай Бакир уулу журналисттер менен жолугушуу маалында тасманын жаратуучуларын «ырайымсыздык» менен жазалоону талап кылды — ал «Күнөөсүз мусулмандар» тасмасын Кыргызстандын аймагында көрсөтүүгө тыюу салууга жетишүү ниетинде.

Бакир уулунун айтымында, ага интернет колдонуучулар тасмага каршы АКШнын элчилигинин жана «Манас» транзиттик жүк ташуу борборунун жанында нааразычылык акциясын өткөрүүнү сунуштап жатышат.

«Алар америкалык базанын же АКШ элчилигинин жанына митингке чыгууну сунуштап, менин уюштуруумду каалап жатышат. Биз агрессияга жол бербешибиз керек, чагымчылар ошону гана күтүп жатышат», — деп жазат «Вечерний Бишкек» гезитинин интернет басылмасы Бакир уулунун сөзүн.

11-сентябрдагы кол салуунун жыйынтыгында АКШнын Ливиядагы элчиси Кристофер Стивенс жана дагы үч дипломат көз жумган.

Тасмадагы кардлар жайгаштырылган «Ютюб» ири видео сервиси тасманы өчүрүүдөн баш тартты, ал жөн гана Ливия менен Египетте аны тосмолоп койду.

Автор: Зарема Султанбекова

Которгон: Илгиз Чалбараков