Социалдык өнүктүрүү министрлигинин чиновниги майып балдардын ата-энелерин сотко берет

Социалдык өнүктүрүү министрлигинин статс-катчысы аны күнөөлөп, даттануу арызын жазган майып балдардын ата-энелерин сотко берүү ниетинде. Укук коргоочу Нурбек Токтакунов статс-катчы Жекшеновду балдар интернатынын мүлкүн өздүк кылып алган деп күнөөлөп жаткандыктарын айтты.

Социалдык өнүктүрүү министрлигинин статс-катчысы Бактыбек Жекшенов аны балдар интернатынын мүлкүн өздүк кылып алган деп күнөөлөп жаткан ата-энелерди сотко берет.

«Майып балдардын ата-энелери Равшан Сабиров министр болуп турганда эле ага кайрылышкан, кабылдамасына келип статс-катчынын дарегине карата даттанышкан», — деди майып балдардын ата-энелеринин коргоочусу Нурбек Токтакунов «Клоопко» берген маегинде.

Айтымында, ага ата-энелерден Жекшенов балдар интернатынын эсебинен кымбат пансионаттарда эс алат деген даттануу келип түшкөн.

«Ал майып-балдардын эсебинен эс алат деген даттануу риторикалык түрдө болгон. Статс-катчынын балдары менен бирге кымбат пансионаттарда эс алуусуна кеткен каражат анын айлык маянасынан бир нече суммага көп», — дейт Токтакунов.

Өз кезегинде статс-катчы анын кирешеси Ысык-Көлгө барып үч күн эс алып келүүгө жете тургандыгын айтты.

«Далилдешсин [...] мен айлыгым «Көгүлтүр Ысык-Көлгө» барып үч күн эс алып келүүгө жетет деп айткам. Силер кишини «Көгүлтүр Ысык-Көлдөн» көрсөңөр эле майыптардын жолдомосу менен эс алып жүрөт деп ойлойсуңарбы?» — деп суроо салат Жекшенов.

Токтакунов «Клоопко» берген маегинде Жекшеновду балдарга бөлүнгөн азык-түлүктү да өздүк кылып алган деп күнөөлөп жаткандыктарын айтты — чиновник айыптоолорду четке кагып жатат.

«Бул калп, түшүнүп атасыңарбы? Ошондуктан мен сотко бердим. Мен балдар интернатынан азык-түлүк алгыдай жарды эмесмин», — дейт чиновник.

Жекшенов сот аркылуу канча сумманы төлөтүп ала турандыгын айткан жок, бирок ал сумманы интернаттарга бере тургандыгын кошумчалады.

Автор: Эльдос Казыбеков

Которгон: Илгиз Чалбараков