Башкы прокуратура YouTube видео сервисиндеги Мухаммед пайгамбар жөнүндөгү тасманы көрүү мүмкүндүгүнө тыюу салууну талап кылды

Өлкөнүн башкы көзөмөлдөө органы Мамлекеттик байланыш агенттигинен «Күнөөсүз мусулмандар» тасмасын көрүү мүмкүндүгүнө тыюу салууну талап кылды - башкы прокуратура ал видео диний жек көрүүчүлүктү пропагандалайт деп эсептейт. Мамлекеттик байланыш агенттиги азырынча сайтты тосмолоо маселесин карай элек.

Башкы прокуратуранын пресс-релизине ылайык, «Күнөөсүз мусулмандар» тасмасы диний аралык кастыкты пропагандалайт жана Кыргызстандын Конституциясына каршы келет.

Көзөмөлдөөчү орган «Экстремисттик ишмердүүлүккө каршылык көрсөтүү жөнүндөгү» мыйзамды колдонмо кылып, YouTube сервисиндеги видеону тосмолоо боюнча жазма буйругун Байланыш агенттигине жиберген.

Башкы прокуратура ошондой эле Улуттук мамлекеттик коопсуздук комитетине видеону экспертизадан өткөрүү тапшырмасын берип, «Күнөөсүз мусулмандар» тасмасын экстремисттик материал деп баалоо жөнүндөгү даттануу арызын сотко жиберди.

Мекеме тасманын Кыргызстандын бардык аймагына таркашына жана көрсөтүлүүсүнө тыюу салуу ниетинде.

Өз ысымын атагысы келбеген Байланыш агенттигинин катчысы Башкы прокуратуранын жазма буйругу 19-сентябрь күнү эртең менен келгендигин жана «Ютюбдагы» видеону тосмолоо тууралуу маселе азырынча карала электигин «Клоопко» билдирди.

Азыркы учурда кыргызстандыктар YouTube сервисиндеги видеону көрөөрдө эскертүү пайда болот, анда роликтин мазмуну «потенциалдуу кемсинтүүчү» же «туура келбеген» катары белгиленген деген билдирүү бар.

«Көрүүчүлөрдүн сак болушу сунушталат», — деп жазылган эскертүүдө.

Буга чейин Кыргызстандын бийлиги «Күнөөсүз мусулмандар» тасмасын айыптап, ал мусулмандардын сезимин басмырлай тургандыгын билдирген.

«Тасмаларды жаратууда сөз эркиндигинин фундаменталдык укуктарынын чегинен чыкпаш керек. Кыргызстан да дипломатиялык объектилер менен анын кызматкерлерине күч колдонууну туура эмес деп эсептейт», — деген Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Нуржигит Кадырбеков.

Би-би-си билдиргендей, YouTube сервиси таандык болгон Google корпорациясы видеороликти сайттан толугу менен өчүрүүдөн баш тарткан.

Бирок Google видео жергиликтүү мыйзамдарга каршы келген өлкөлөрдө тасманы көрүү мүмкүнчүлүгүнө тыюу салууга даяр экендигин билдирди.

Пайгамбар тууралуу видеону көрүү мүмкүнчүлүгүнө массалык башаламандык болуп, АКШнын элчилигине кол салынган Египет менен Ливияда тыюу салынган.

Автор: Зарема Султанбекова

Которгон: Илгиз Чалбараков