Бишкек: «Аскер шаарчасында» 10 жылдан кийин күнү-түнү ысык суу берүү калыбына келтирилди

Бишкектин «Аскер шаарчасы» кичи районунун жашоочулары 10 жылдан бери биринчи жолу ысык сууну күнү-түнү ала башташты. Буга чейин ысык суу үйлөргө график боюнча берилип келген.

Буу казандарынын бузулгандыгынан жана жылуулук тармактарынын эскирип калгандыгынан үзгүлтүксүз ысык суу берилбей келген, дейт «Бишкек жылуулук электр тармагынын» жетекчиси Алымбек Абдылдаев.

Анын айтымында, «Бишкек жылуулук электр тармагынын» эски түтүктөрдү жаңыларына алмаштырып, буу казанын оңдоосуна мэрия каражат бөлүп берген.

«Жылуулук тармактары 20 жыл мурун курулган, аны эч ким оңдогон эмес, дурус каражат да бөлүнбөй келген», – дейт Абдылдаев.

Мэриянын турак-жай коммуналдык чарба бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Динара Ибрагимова буга чейин жылуулук тармактарын ондоого эмне үчүн каражат бөлүнбөй келгендигинин себебин түшүндүрүүдөн баш тартты.

Аты жөнүн билгизгиси келбеген «Аскер шаарчасынын» жашоочуларынын бири буга чейин анын үйүндө кечки саат 11ден эртең мененки 6га чейин ысык суу жок болгондугун, азыр болсо такыр токтобой агып жаткандыгын айтты.

Кичи райондун жашоочусу Валентина Федорюк буга чейин түндө чын эле ысык суу болбой келгендигин ырастады.

«Азыр түнү бою да, күндүз кечке да бар. Бизде ысык суу жок болсо да баары төлөгөндөй эле төлөп келгенбиз», – дейт Федорюк.

«Аскер шаарчасы» Бишкектин батыш бөлүгүндө жайгашкан. Мэриянын маалыматы боюнча, анда төрт миңден ашык киши жашайт.

Автор: Нуржамал Жаныбеко
Редактор: Александра Ли
Которгон: Илгиз Чалбараков