Орусия: «түрмөгө баңгизатын алып кирүүгө аракет кылган» кыргызстандык кармалды

Орусиянын Свердлов облусунун полициясы Невьянск шаарындагы түрмөнүн тосмосу аркылуу 1,22 грамм JWH баңгизатын ыргытып, өткөрүп берүүгө аракет кылган Кыргызстандын жаранын колго түшүрдү.

Полиция Невьянс шаарындагы №46 түзөтүү абагынын аймагына бир нече таңгакты ыргытып өткөрүүгө аракет кылып жаткан 33 жаштагы кыргызстандыкты 18-сентябрда кармашкан.

«Бир нечесинде [тангактарда] мобилдик телефондор менен сим-карталар болгон, а полимер материалдуу башка таңгактарда күңүрт күрөң түстөгү белгисиз зат болгон», — деп жазылган Ички иштер министрлигинин Свердлов райондук башкы башкармалыгынын сайтында.

Сайттагы маалыматтарга ылайык, экспертиза кыргызстандыктан алынган күңүрт күрөң түстөгү 1,22 граммдык зат Орусиянын аймагында баңгизаты катары тыюу салынган JWH кошулмасы экендигин көрсөткөн.

Бул факты боюнча «өтө ири көлөмдөгү баңгизатын даярдоо жана мыйзамсыз өткөрүү» беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

Кармалган адамдын аты-жөнү айтылбай эле. Ал Екатеринбург шаарында жашап, буга чейин Орусияда «опузалоо» үчүн соттолгон.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Нуржигит Кадырбеков азырынча кыргызстандыктын кармалуусу тууралуу кененирээк маалымат жок экендигин айтты.

Автор: Зарема Султанбекова

Которгон: Илгиз Чалбараков