«Демократия жана жарандык коом үчүн Коалициясы» коомдук уюму Кыргызстандын жашоочуларынын арасында социалдык сурамжылоо жүргүзгөн, анын жыйынтыгы сурамжылангандардын дээрлик жарымы өкмөттүн жаңы курамы менен канаттанбай тургандыгын көрсөткөн.
Укук коргоочу уюм Кыргызстандын өкмөтү менен парламентинин ишмердүүлүгү боюнча калк арасында жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгына негизделген отчетун 18-сентябрда басып чыгарды.
Уюм 700дөн ашык кишини сурамжылаган — алардын 41 пайызын түзгөн 300дөй киши «Биримдик» парламенттик коалициясы таркагандан кийин сентябрдын башында түзүлгөн өкмөттүн учурдагы курамынын ишмердүүлүгүнө нааразы экендиктерин билдиришкен.
Сурамжылангандардын жарымынан көбү өкмөттүн ишмердүүлүгүн «орто» деп, а 30 пайыздан ашыгы «төмөн» деп баалаган. Сурамжылоого катышкандардын 37 пайызы кийинки шайлоолордо парламенттеги «Ата Мекен», «Ата-Журт», «Ар Намыс» «Республика» жана «КСДП» партияларына добуштарын бербей тургандыктарын айтышкан.
Укук коргоочулар сурамжылоонун максаты Жогорку Кенештин ишмердүүлүгүнүн эффективдүүлүгүн баалоо болгондугун билдиришти.
Жаңы өкмөт
5-сентябрда парламент депутаттары президенттин аппаратынын мурунку жетекчиси Жантөрө Сатыбалдиевдин жаңы өкмөтүн жактырышкан. Жаңы министрлер кабинети үчүн 120 депутаттын 111и өз добуштарын беришкен.
Бир күндөн кийин президент Алмазбек Атамбаев Сатыбалдиев башында турган жаңы өкмөттү бекиткен.
Кыргызстандын президенти «Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов башында турган мурунку өкмөттү 24-августта отставкага кетирген - буга курамына «Республика», «Ата Мекен», «Ар Намыс» жана КСДП фракциялары кирген «Биримдик» коалициясынын таркашы себеп болгон.
Президент жарлыкка кол койгондон бир аптадан кийин Бабанов премьер-министрдин милдетин аткаруучу кызматынан мөөнөтүнөн мурун кеткен — анда аны убактылуу Аалы Карашев алмаштырган.
Парламенттик «Биримдик» коалициясы курамынан «Ар Намыс» жана «Ата Мекен» фракциялары чыккандан кийин, 22-августта таркаган.
Автор: Александра Ли
Которгон: Илгиз Чалбараков