ИИМ кош бойлуу келиндин милиция кызматкерлери тарабынан «кыйноого» алынгандыгы тууралуу маалыматты четке какты

19-сентябрда укук коргоочулар милиция кызматкерлери Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын мекемесинде бир нече күн бою кош бойлуу Анна Агееваны «мазакташкандыгын» билдиришти. Ички иштер министрлиги «кыйноого алуу» жөнүндөгү маалыматты четке кагып, милиция кызматкерлери аны «адам өлтүргөндүгү» үчүн кармашкандыгын айтты.


Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы «Кылым шамы» укук коргоо борборунун билдирүүсүн четке какты - билдирүүдө борбор Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери «адам өлтүрүү боюнча кылмышты» моюнуна алдырыш үчүн кош бойлуу келинди «мазакташкан» деп жазылган.

««Кылым шамы» коомдук фондусунун кыйноолор, мазактоолор тууралуу билдирүүлөрү чындыкка дал келбейт», – деп жазылган мекеменин сайтында.

Басма сөз кызматы «Кылым шамы» туугандарынын гана жазган арыздарына таянгандыктарын, фонддун бир дагы өкүлү даттангандардын сөздөрүн текшерүү үчүн Свердлов районунун ИИБсине келбегендигин билдирди.

ИИМ Агаева 12-сентябрда жыйырма эки жаштагы Анастасия Садовченконун денесине өлүмгө алып келген оор жараттарды калтырган деген шек менен кармалгандыгын билдирди.

Тергөөнүн версиясы боюнча, кармалган келин аты аталбаган курбусу менен бирге Садовченкону «мазакташкан», ал болсо кийин бул боюнча милицияга арыз жазып кайрылган.

Агаеванын апасы жабыр тарткан тараптан арызды кайра алуусун суранган. Бирок алар баш тарткан соң кармалган келин арыз жазган аялды уурдап келип жер төлөөгө камап койгон, деп билдирет мекеме.

Милициянын маалыматы боюнча, Садовченко денесиндеги жарааттардан улам каза болгон.

ИИМ Агаева соттун өкүмү менен кармалгандыгын билдирди.

Укук коргоочулар 19-сентябрда кош бойлуу келинди милиция кызматкерлери «кемсинтип, кордогон» деген билдирүү таркатышкан.

Билдирүүдө кармалган келин «кыйноолорго» кабылгандыгы жана милиция бөлүмүндө батареяга кол кишен менен байланып мыйзамсыз төрт күн кармалгандыгы көрсөтүлгөн — укук коргоо борборунун версиясы боюнча, милиция кызматкерлери ошентип аны «адам өлтүрүү боюнча кылмышты» моюнуна алдыргылары келген.

Учурда Агеева тергөө абагында камакта.

Автор: Александра Ли
Которгон: Илгиз Чалбараков