Түркияда унаа кырсыгынан жабыр тарткан кыргызстандыкты Бишкекке алып келишти

Түркиянын Анкара шаарында унаа кырсыгынан жабыр тарткан Кыргызстандын жараны Айнура Алыбаеваны Бишкектеги ооруканага алып келишти.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы Алыбаева 20-сентябрда реаниматолог-даарыгердин коштоосунда Кыргызстанга келгендигин билдирди.

Мекеме жабыр тарткан кыргызстандык учурда Бишкектин улуттук госпиталына жаткырылды деди.

Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинин маалыматы боюнча, Алыбаеванын абалы аны ооруканага алып келгенден кийин бир аз жакшырган – ал учурда өз алдынча дем алып, отура алат.

Кырсыктан кийин кыргызстандыктын абалы «өтө оор» деп бааланып жаткан жана өмүрүн сактап калуу үчүн ал атайын бдууларга бириктирилген.

ИИМ буга чейин Алыбаеванын абалы начар болуп, атайын жабдуулар менен жабдылган учак жана коштоп жүрүүчү дарыгерлер керек болгондуктан аны Кыргызстанга алып келе албагандыгын билдирди.

Кыргызстандын жараны жабыр тарткан унаа кырсыгы 2012-жылдын майында Түркиянын Анкара шаарында болгон.

Автор: Александра Ли

Которгон: Илгиз Чалбараков