Билим берүү министрлиги мектеп директору окуучусун уруп жаткан роликти көргөн соң аны кызматынан кетирди

Билим берүү министрлиги Ош облусундагы Кара-Суу районунун Мусаев атындагы орто мектебинин директору Рая Даткаеванын окуучусун уруп жатканы тартылган видеону көргөндөн кийин аны кызматынан кетирди.

Билим берүү министрлигинин басма сөз катчысы Керез Жукеева «Клоопко» берген маегинде мекеме Даткаеваны 19-сентябрда кызматынан кетиргендигин билдирди.

Басма сөз катчынын айтымында, мектеп директору күнөөсүн моюнуна алды.

Даткаева түшүнүк кат жазды, анда мектеп окуучусун «тарбиялоо» максатында ургандыгы жазылган.

«Ал [окуучу] сабактарды көп калтырчу, Даткаева Рая тарбиялоонун ушундай ыкмасын тандаган», – деп түшүндүрөт басма сөз катчы түшүнүк каттын мазмунун.

Жукеева мектеп окуучусу менен директордун ортосундагы чатак18-сентябрда болгондугун кошумчалады.

«Намба» порталынын колдонуучусу Aika Kambarova «каратист Директор» жана «Мусаев атындагы орто мектептин каратист директору» деген эки видеону ошол эле күнү сайтка жайгаштырган.

Видеодо директор мектеп окуучусун бетке уруп, түртүп тээп жиберүүгө аракет кылган.

«Үй тапшырмасын аткарбасаң — көзүңдү чукуп алам», — деп кыйкырган Даткаева видеодо.

Болжолдуу түрдө видеону мектеп окуучусу тарткан — ал мезгил-мезгили менен камераны партанын алдына катып турган.

Мусаев атындагы орто мектептин жетекчилиги комментарий берүү үчүн жеткиликсиз болуп жатат.

Автор: Александра Ли

Которгон: Илгиз Чалбараков