Кыргызстан Мухаммед пайгамбар жөнүндөгү тасманы таркатууга тыюу салды

21-сентябрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту «Күнөөсүз мусулмандар» тууралуу видеону «экстремисттик материал» катары баалап, аны таркатууга тыюу салды.

Сот роликти «экстремисттик» деп таап, аны көрсөтүүгө, тираждап таркатууга тыюу салып, Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын доо арызын канааттандырды.

«Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын эксперттик корутундусуна ылайык, «Күнөөсүз мусулмандар» тасмасы өз ичине дин аралык араздашууга алып бара турган белгилерди, ошондой эле диний ишенимдерине карап мусулмандарды кемсинтүү белгилерин камтыйт», – деп жазылган Башкы прокуратуранын сайтында.

Тыюу салуу - Кыргызстандын аймагында тасманы кандай жол менен таркатуу болбосун бир миң сомдон жети миң сомго чейин айып төлөп, же беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылып жазаланат дегенди билдирет.

20-сентябрда депутаттар соттун чечими чыкканга чейин тасманын таркалуусуна убактылуу тыюу салышкан – бул үчүн 63 депутат добуш берген, каршы чыккандар болгон эмес.

«Күнөөсүз мусулмандар» тасмасы тууралуу ролик жайгашкан YouTube сервиси таандык болгон Google корпорациясы видеороликти сайттан толугу менен өчүрүүдөн баш тарткан.

Бирок Google видео жергиликтүү мыйзамдарга каршы келген өлкөлөрдө тасманы көрүү мүмкүнчүлүгүн үзүүгө даяр экендигин билдирди.

Пайгамбар тууралуу видеону көрүү мүмкүнчүлүгүнө массалык башаламандык болуп, АКШнын элчилигине кол салынган Египет менен Ливияда тыюу салынган.

Автор: Александра Ли

Которгон: Илгиз Чалбараков