Парламент соттун чечими чыкканга чейин «Күнөөсүз мусулмандар» тасмасынын таркалышына тыюу салды

Депутаттар «диний аралык чыр-чатакты тутандырган» «Күнөөсүз мусулмандар» тасмасынын таркалуусуна Биринчи май райондук сотунун чечими чыкканга чейин убактылуу тыюу салышты. Соттон чечим 21-сентябрь күнү түштөн кийин белгилүү болорун айтышты.

«Күнөөсүз мусулмандар» тасмасына тыюу салуу тууралуу токтомду 63 депутат колдоду, каршы добуш бергендер болгон жок.

«Соттун чечими чыкканга чейин убактылуу тыюу салуу. Так ушинтип жазылган токтомдо», — деп жазган депутат Дастан Бекешев өзүнүн твиттер-эккаунтунда.

«Парламент «Күнөөсүз мусулмандар» тасмасы боюнча жазылган арызды кабыл алды. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши аталган тасманы биздин коомго туура келбеген тасма катары баалап айыптайт жана анын өлкөнүн аймактарына таркалышына тыюу салат», - деп жазган Бекешев.

Башкы прокуратуранын тасмага тыюу салуу боюнча 20-сентябрда жиберген даттануу арызын карап жаткан Биринчи май райондук сотунун канцеляриясынан соттун чечими 21-сентябрда, түштөн кийин белгилүү болот деп айтышты. .

Буга чейин Кыргызстандын бийлиги «Күнөөсүз мусулман» тасмасын айыптап, ал мусулмандардын сезимин басмырлай тургандыгын билдирген.

«Прецедент» өнөктөштүк тобунун жетекчиси Нурбек Токтакунов «Клоопко» берген маегинде видеону тосмолоп, ага тыюу салуу чечимин сот кабыл алышы керек деди.

«Жарандардын маалымат алуу мүмкүндүгүн ушинтип эле тосмолоп коюууга болбойт», – дейт Токтакунов.

Медиа-серепчи Ахмат Алагушев да видеого тыюу салуу чечимин сот чыгарышы керек деп эсептейт.

«Жазылган арыз болуп, тасмага эксперттик баа берилиши керек», – дейт серепчи.

«Тасмаларды жаратууда сөз эркиндигинин фундаменталдык укуктарынын чегинен чыкпаш керек. Кыргызстан да дипломатиялык объектилер менен анын кызматкерлерине күч колдонууну туура эмес деп эсептейт», — деген Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Нуржигит Кадырбеков.

«Күнөөсүз мусулмандар» тасмасы тууралуу ролик жайгашкан YouTube сервиси таандык болгон Google корпорациясы видеороликти сайттан толугу менен өчүрүүдөн баш тарткан.

Бирок Google видео жергиликтүү мыйзамдарга каршы келген өлкөлөрдө тасманы көрүү мүмкүнчүлүгүн үзүүгө даяр экендигин билдирди.

Пайгамбар тууралуу видеону көрүү мүмкүнчүлүгүнө массалык башаламандык болуп, АКШнын элчилигине кол салынган Египет менен Ливияда тыюу салынган.

Автор: Зарема Султанбекова

Которгон: Илгиз Чалбараков