УКМК интернет аркылуу «Күнөөсүз мусулман» тасмасын тараткандарды кармай тургандыгын убадалады

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы бүгүнкү күндөн баштап тыюу салынган Мухаммед пайгамбар жөнүндөгү тасманы интернет аркылуу тарката турган колдонуучуларды кармай тургандыктарын билдирди.

УКМКнын басма сөз кызматынын аты-жөнүн билдиргиси келбеген кызматкери «Клоопко» берген маегинде тасманы интернет аркылуу таркаткандарды атайын кызматтын өкүлдөрү кармай тургандыгын айтты.

«Албетте факты аныкталып табылса ал адам кармалат. Санкциялар колдонулат», — дейт басма сөз кызматынын кызматкери.

Бирок ал тасманы таркаткандар Кыргызстандын Кылмыш кодексинин кайсы беренелери боюнча жазалана тургандыктарын так айта алган жок.

УКМКнын кызматкери интернеттеги маалыматтарды көзөмөлдөөдө Кыргызстандын атайын кызматынын «кемчиликтери» бар экендигин моюнуна алды.

«Бизде эч ким интернетке, ал эмес массалык маалымат каражаттарына бекитилген эмес», — деди ал.

«К-Ньюс» маалымат агенттиги УКМКнын басма сөз кызматына шилтеме жасап, тасманы кыргызстандыктардын компьютерлеринен же кандай гана электрондук алып жүрүүчүлөрүнөн болбосун тапкан учурда кармалыша тургандыгын жазган.

«Бешинчи каналдын» башкы директору Евгения Бердникова «Клоопко» берген маегинде Мухаммед пайгамбар жөнүндөгү тасмага тыюу салуу тескерисинче, адамдардын көңүлүн ал тасмага көбүрөөк бурат деп айтты.

«Бул тасма тууралуу билбеген адамдар да жөн эле келип, билүү үчүн көрүштү», — дейт телеканал башчысы.

Медиа-серепчи Марат Токоев «Клоопко» берген маегинде ал ар ким өз пикирин айта алуусу үчүн экендигин айтты. Бирок ал тасманын таркалышынын жоопкерчилигин кыргызстандыктар өзүлөрү түшүнүүлөрү керек дейт.

«Дүйнөнүн башка жерлеринде тасманын таркалышы эмнеге алып келгендигин биз бардыгыбыз билебиз. [...] Андай окуянын бизде болбошун каалайм», — дейт Токоев.

УКМКнын билдирүүсү Кыргызстандын интернет чөйрөсүндө кызуу талкууну жаратты.

>Q14деген колдонуучу «К-Ньюс» сайтындагы жаңылыктын алдындагы комментарий бурчуна тасмага тыюу салуу интернет-цензура болоорун жазган.

«Эки күндүн ичинде — 2012-жылдын 20-жана 21-сентябрында биз СВЕТТИК ӨЛКӨДӨН ПОЛИЦИЯЛЫК ӨЛКӨГӨ айландык!» — деп нааразы болгон колдонуучу.

«Күнөөсүз мусулмандар» тасмасына тыюу салуу менен Кыргызстандын бийлиги Конституциянын эки - сөз эркиндиги жөнүндөгү жана Кыргызстан светтик өлкө деген – беренелерин бузду деп эсептейт.

«Эки берене тең — ЭКИ күндүн ичинде бузулду! А бардыгы уктап жатат!» — деп уланткан колдонуучу.

Тыюу салуу тууралуу чечим

21-сентябрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту «Күнөөсүз мусулмандар» тууралуу видеону «экстремисттик материал» катары баалап, аны таркатууга тыюу салды.

«Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын эксперттик корутундусуна ылайык, «Күнөөсүз мусулмандар» тасмасы өз ичине дин аралык араздашууга алып бара турган белгилерди, ошондой эле диний ишенимдерине карап мусулмандарды кемсинтүү белгилерин камтыйт», – деп жазылган тасмага тыюу салуу боюнча доо арыз берген Башкы прокуратуранын пресс-релизинде

Парламент 20-сентябрда соттун чечими чыкканга чейин тасманын таркалуусуна убактылуу тыюу салган – бул үчүн 63 депутат добуш берген, каршы чыккандар болгон эмес.

«Күнөөсүз мусулмандар» тасмасы тууралуу ролик жайгашкан YouTube сервиси таандык болгон Google корпорациясы видеороликти сайттан толугу менен өчүрүүдөн баш тарткан.

Бирок Google видео жергиликтүү мыйзамдарга каршы келген өлкөлөрдө тасманы көрүү мүмкүнчүлүгүн үзүүгө даяр экендигин билдирген— азырынча кыргызстандыктарга тасманы көрүү мүмкүнчүлүгү жок.

Пайгамбар тууралуу видеону көрүү мүмкүнчүлүгүнө массалык башаламандык болуп, АКШнын элчилигине кол салынган Египет менен Ливияда тыюу салынган.

Бенгазидеги АКШнын консулдугуна кол салуунун жыйынтыгында ал өлкөдөгү Американын элчиси өлгөн.

«Күүнөөсүз мусулмандар» тасмасында Мухаммед пайгамбарды акылсыз жана менменсинген адам катары көрсөткөн, а исламды жаман көрүүчүлүктүн жана кыйноолордун дини катары көрсөткөн, деп жазат Би-би-си.

Тасма Мухаммед пайгамбардын тарапташтарын жапайы, байлык үчүн балдар менен аялдарды өлтүргөндөр катары көрсөтөт", - деп жазат Би-би-си.

Авторлор: Азат Рузиев жана Мария Гребнева