Бишкек шаардык кеңешине депутаттарды шайлоо 25-ноябрга белгиленди

Президент Алмазбек Атамбаев Бишкек шаардык кеңешине депутаттарды шайлоону 25-декабрга белгиледи. Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкектен сырткары өлкөнүн дагы 24 шаарында шайлоолор өтө тургандыгын билдирди.
Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы шайлоолорду «масштабдуу» деп атап, алар Бишкекти кошкондо Кыргызстандын 25 шаарында өтөт деп билдирди.

Атамбаев шайлоолорду уюштурууга каражат бөлүп берүүнү жана алардын мыйзамдуу өтүүсүн камсыз кылууну өкмөткө тапшырды.

2012-жылдын июлундагы «Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү» мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, талапкерлерди саясий партиялар гана көрсөтө алат — эми жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын топтору катыша алышпайт.

Өзгөртүүлөрдү киргизүү менен шаардык кеңештин депутаттыгына партиясыз талапкерге учурдагы партияларга кирүүгө же өзүнүн партиясын түзүүгө туура келип калат.
Парламенттик коалициянын курамына кирген «Ата Мекен» партиясы Бишкек шаардык кеңешинен орундардын үчтөн бирин алууга үмүттөнүп жаткандыгын билдирди. Жалпысынан Бишкек шаардык кеңешинде 45 орун бар.

«Азырынча бизде шаардык кеңешке талапкер боло тургандардын тизмеси жок. 10-октябрда партиянын съезди болот, ошондо түзүлөт. Ал тизмеге партияга мүчө болбогон жарандар да кирип калышы мүмкүн», — деп айткан партия лидери Өмүрбек Текебаев 22-сентябрда журналисттер менен болгон жолугушуусунда.

Башка партиялар Бишкек шаардык кеңешине депутаттарды шайлоодо канча орун алууга үмүттөнүп жаткандыктарын билдирише элек.

Буга чейинки Бишкек шаардык кеңешине депутаттарды шайлоо 2008-жылдын октябрында өткөн — калк шаардык кеңешке 44 депутатты тандап алган. Жалпысынан кеңешке 377 талапкер ат салышкан.

«Бийликтин партиясы»

«Клооп» тарабынан сурамжыланган саясат таануучулар бул жолку Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо парламенттик көпчүлүк коалициясына кирген КСДП партиясы эң көп орунга ээ болот деген пикирлерин билдиришти.

«Идея боюнча, көпчүлүк орунду бийликтин партиясы болгон КСДП алышы керек, алар буга даярданып жатышат. Андан кийин «Республика» партиясы алышы мүмкүн , анткени анын партиялык лидери экс-премьер-министр Бабанов, ал өз партиясына үмүт артат жана каржылайт», – деп эсептейт саясат таануучу Марат Казакпаев.

Серепчинин пикири боюнча, калган орундарды парламенттик «Ар-Намыс», «Ата-Журт» жана «Ата Мекен» партиялары өз ара бөлүшөт.

Казакпаевдин айтымында, Бишкек шаардык кеңешинде «Замандаш» жана «Ак-Шумкар» партияларынын депутаттары да орун алуулары мүмкүн.

Саясат таануучу Токтогул Какчекеев да Бишкек шаардык кеңешинде КСДП партиясынын депутаттары көп орунга ээ болот деп эсептейт. Анткени ал «башкаруучу» партия дейт ал.

«Бул КСДПнын азыр өлкөнү башкарып тургандыгы менен, ошондой эле учурда мэр болуп турган өкүлү бардыгы менен байланыштуу», – дейт саясат таануучу.

Ал калган парламенттик партиялар аз оорун алат деп болжолдоодо. Анткени акыркы жарым жыл аралыгында алар түрдүү чырларга аралашып калган.

Автор: Александра Ли

Сүрөт Бишкек шаардык кеңешинин сайтынан алынды