ИИМдин мурунку кызматкери унаасын токтоткон тескөөчүлөрдү «сотторго сүйрөп», «өч алаарын» айтып опузалады [+ видео]

Ички иштер министрлиги Жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгы тарабынан өткөрүлгөн рейддин жүрүшүндө өзүн «ИИМдин штаб жетекчиси» катары тааныштырган адамдын өздүгүн аныктап, кызматтык тергөө жүргүзүп жатат. Аталган унаа арткы номуру жок болгондуктан токтотулган. Милиция кызматкерлери тарабынан токтотулгандан кийин ал тескөөчүлөрдү соттордо «сүйрөп» «өч ала тургандыгын» айткан.

ИИМдин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов «Клооптун» кабарчылары менен телефон аркылуу сүйлөшүү маалында аталган адамдын өздүгүн аныктоо иши менен ИИМдин Өздүк коопсуздук кызматы алектене тургандыгын айтты.

Басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, ал киши учурда ИИМдин кызматкери эмес.

Кийинчерээк Сейитовдун жардамчысы Эрнист Осмонбаев тескөөчүлөр тарабынан токтотулган адам 2007-жылга чейин Бишкек шаарындагы ички иштер башкармалыктарынын биринде иштегендигин кошумчалады.
Жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгы тарабынан рейд 22-сентябрда өткөрүлгөн. Анын жүрүшүндө арткы мамлекеттик номуру жок болгондуктан «Хонда» үлгүсүндөгү кара унаа токтотулган.

Унаа жүргүнчүлөрүнүн бири «ИИМдин штаб жетекчиси» экендигин айтып, алардан аты-жөнүн айтууну талап кылган. Ошондой эле аны токтоткон жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынын кызматкерлерин соттордо «сүйрөй» тургандыгын айтып опузалаган.

«Көпкө чейин өч алам», — деп айткан мас абалындагы жүргүнчү видеодо.

Унааны жүргүнчүлөрү менен бирге айып салынган унааларды токтотуучу жайга алып барышкан.

Жүргүнчү ал жерде да тескөөчүлөрдүн аракеттерине нааразы болуп, адепсиз сөздөрү айтуусун уланткан.

Жүргүнчү унаа анын атына катталгандыгын жана айыпты да өзү төлөй тургандыгын тескөөчүлөргө айткан.

Белгилүү “Дизель” форумундагы колдонуучулар Жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынын кызматкери тарабынан токтотулган унаанын жүргүнчүсүн айыпташты.

“Жол кыймылын көзөмөлдөө кызматынын кызматкерине кыйкырып, аны сотко сүйрөп, чоң көйгөйлөрдү жаратам деп убадалады. Айып аянтынын жанынан ал: “менин мылтыгымдын түтүгү кайда”, - деп кыйкырды. Эгер ошол маалда анын колунда курал болуп калганда эмне болот эле, элестетким келбейт”, — деп жазат Fahrenheit деген колдонуучу.

Автор: Александра Ли

Видеонун автору: "Билайвдагы" raid аттуу колдонуучу