Казакстандын экс-премьер-министри президенттин администрациясынын жетекчиси болуп дайындалды

Нурсултан Назарбаев «арыз жазгандыгына байланыштуу» премьер-министр Карим Масимовду кызматтан кетирүү тууралуу жарлыкка кол койду. Масимов эми президент Назарбаевдин администрациясын жетектейт, деп билдирет өлкө башчысынын басма сөз кызматы.

Масимов өзүнүн твиттердеги аккаунтунда кызматтан кетүү тууралуу арызды өз каалоосу менен бергендигин жазган.

"Мамлекет башчысына кызматтан кетүүм тууралуу арыз бердим. Ал кабыл алынды", - деп жазган Масимов.

24-сентябрда эртең менен Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Масимовду кызматынан кетирди. Учурдагы өкмөткө анын жаңы курамы бекитилгенге чейин өз милдеттерин аткарууну токтом кылды, деп жазат Назарбаевдин басма сөз кызматы.

Масимов эми президенттин администрациясынын жетекчиси кызматында — Назарбаев анын дайындалышы тууралуу жарлыкка 24-сентябрда кол койду, деп жазылган Казакстандын президентинин сайтында.

Масимов жетинчи премьер-министр болуп эсептелет жана бул кызматты 2007-жылдын январынан бери ээлеп келген. Ага чейин ал Унаа жана коммуникациялар министрлигинин башчысы болгон.

«Риа Новости» маалымат агенттиги билдиргендей, өкмөттүн жаңы жетекчиси болуп учурдагы биринчи вице-премьер министр Серик Ахметов дайындалышы мүмкүн.

Автор: Илья Каримджанов

Сүрөт Карим Масимовдун Фейсбуктагы расмий баракчасынан алынды