Кыргызстандын интернет таратуучулары «Күнөөсүз мусулмандар» тасмасын тосмолоп башташты

Болжолдуу түрдө 21-сентябрдын кечки саат тогузунан баштап Кыргызстандын интернет колдонуучуларынын бир бөлүгү YouTube видеосервисинде жайгашкан «Күнөөсүз мусулмандар» тасмасын көрүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырашты. Интернет таркатуучу компаниялардын биринин башкы директору ролик Мамлекеттик байланыш агенттигинин буйругу менен тосмолонуп жаткандыгын айтты.

Кыргызстандын бир нече интернет таркатуучуларынын колдонуучулары YouTube («Ютуб») сервисинде жайгашкан Мухаммед пайгамбар жөнүндөгү антиисламдык тасманын ролиги 21-сенябрда болжол менен кечки саат тогуздан баштап көрүнбөй калгандыгын «Клоопко» билдиришти.

«Күнөөсүз мусулмандар» тасмасын издеп, анын аталышын жазган учурда роликтердин көптөгөн тизмеси чыгып жатат, бирок көрүү үчүн басканда жүктөлүү башталып, андан кийин: Веб-баракча жеткиликсиз. www.youtube.com сайты менен туташуу үзүлдү, деген жазуу пайда болууда.

«Тотел» интернет таркатуучу компаниясынын башкы директору Нурдин Ибрагимов 21-сентябрда кечинде өзүнүн твиттердеги эккаунтунда таркатуучулар тасмага болгон мүмкүнчүлүктөрдүн бардыгын тосмолоону баштагандыктарын жазган.

«Мамлекеттик байланыш агенттигинен телефон чалышып, чуулгандуу тасманы тосмолоону талап кылышты. Бүгүнкү күндүн ичинде бардык интернет таркатуучулар тосмолоп бүтүшөт», — деп жазат Ибрагимов.

«Мегалайн» интернет таркатуучусунун техникалык колдоо кызматы тасманын тосмолонгондугун ырастады, бирок компаниянын адистери «Клооптун» кабарчылары менен сүйлөшүп атып тасманы алар тосмолобой эле YouTube сервисиндегилер тосмологондугун айтышты.

Өз кезегинде «Хоумлайн» интернет таркатуу компаниясынан видеороликтин тосмолонгондугу тууралуу эч нерсе билбей тургандыктарын айтышты — азырынча бул интернет таркатуучунун колдонуучуларында видеону көрүү мүмкүнчүлүктөрү бар.

«Сайма Телеком» интернет таркатуучусунун техникалык колдоо кызматынын өкүлү компания тосмолоо тууралуу эч нерсе билбей тургандыгын айтты.

«Күнөөсүз мусулмандар» тасмасы тууралуу ролик жайгашкан YouTube сервиси таандык болгон Google корпорациясы видеороликти сайттан толугу менен өчүрүүдөн баш тарткан.

Бирок Google видео жергиликтүү мыйзамдарга каршы келген өлкөлөрдө тасманы көрүү мүмкүнчүлүгүн үзүүгө даяр экендигин билдирген.

«Клооптун» программисти Михаил Савочкиндин пикири боюнча, Кыргызстандын бийлиги тосмолоо талабын Google компаниясына жиберген.

«Бул видеону тосмолоону Google өзү жасады. Бардыгы мындай болгон: кыргыз бийлиги тасманы Кыргызстанда көрсөтүү мыйзамга туура келбей тургандыгы боюнча аларга тиешелүү билдирүү катын жөнөткөн. Албетте, алар [Google] буга макул болушуп, Кыргызстандын аймагында жайгашкан колдонуучулардын тасмага болгон мүмкүнчүлүктөрүн тосмолоп койду», — деп эсептейт программист.

Бирок Савочкин эмне себептен бир катар интернет таркатуучулардын колдонуучулары үчүн видео жеткиликтүү бойдон калып жаткандыгын түшүндүрө алган жок.

Тыюу салуу тууралуу чечим

21-сентябрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту «Күнөөсүз мусулмандар» тууралуу видеону «экстремисттик материал» катары баалап, аны таркатууга тыюу салган.

«Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын эксперттик корутундусуна ылайык, «Күнөөсүз мусулмандар» тасмасы өз ичине дин аралык араздашууга алып бара турган белгилерди, ошондой эле диний ишенимдерине карап мусулмандарды кемсинтүү белгилерин камтыйт», – деп жазылган тасмага тыюу салуу боюнча доо арыз берген Башкы прокуратуранын пресс-релизинде.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы дароо эле чуулгандуу антиисламдык тасманы тарката турган интернет колдонуучуларды кармай тургандыгын билдирген.

«Клоопко» берген маегинде аты-жөнүн билдиргиси келбеген басма сөз кызматынын кызматкери тасманы таркатуу фактылары аныкталган учурда мекеме аларга карата «санкция колдоно тургандыктарын» айтты, бирок кандай санкциялар экендигин тактаган жок.

«К-Ньюс» маалымат агенттиги УКМКнын басма сөз кызматына шилтеме жасап, тасманы кыргызстандыктардын компьютерлеринен же кандай гана электрондук алып жүрүүчүлөрүнөн болбосун тапкан учурда кармалыша тургандыгын жазган.

Бир күн мурун, 20-сентябрда парламент соттун чечими чыкканга чейин тасманын Кыргызстандын аймагында таркалуусуна убактылуу тыюу салган.

Пайгамбар тууралуу видеону көрүү мүмкүнчүлүгүнө массалык башаламандык болуп, АКШнын элчилигине кол салынган Египет менен Ливияда тыюу салынган. Бенгазидеги АКШнын консулдугуна кол салуунун жыйынтыгында ал өлкөдөгү Американын элчиси өлгөн.

«Күүнөөсүз мусулмандар» тасмасында Мухаммед пайгамбарды акылсыз жана менменсинген адам катары көрсөткөн, а исламды жаман көрүүчүлүктүн жана кыйноолордун дини катары көрсөткөн, деп жазат Би-би-си.

"Тасма Мухаммед пайгамбардын тарапташтарын жапайы, байлык үчүн балдар менен аялдарды өлтүргөндөр катары көрсөтөт”, — деп жазат Би-би-си.

Автор: Александра Ли жана Евгений Погребняк

Которгон: Илгиз Чалбараков