Кыргыз режиссерунун «Салам, New York» тасмасын тартуу Нью-Йорк шаарынын полициясы тарабынан үзгүлтүккө учурады — чыгармачылык топтун катышуучуларынын биринин айтымында, полиция аларды тоноочулар катары кабыл алган. Жагдайды тактагандан кийин полиция кызматкерлери кетип калышкан, а тасманы тартуу улантылган.
Окуя түндө, тасманы тартууга көмөктөшүп жаткан кыргызстандыктардын «Kyrgyz Club» эл аралык биримдигинин кеңсеси жайгашкан Нью-Йорктун имараттарынын биринин чатырында, тасманы тартып жаткан учурда болгон.
«Биз менен эмне болгондугун көрсөңөр болмок. Түн. Чатыр. Полиция кызматкерлери. Тик учак. Жарык күчөткүч аспаптар. Бизди тоноочулар деп ойлошуптур», — деп жазылган тасманын «Твиттердеги» расмий микроблогунда.
Алгач тасманын жаратуучулары өйдө жактагы полиция тик учагына кызыгуу менен карап жатышкан, бирок бир аздан кийин аларга жарык күчөткүч аспап менен жарык бере башташты.
«Көз ирмемден кийин эле аз дегенде он полиция кызматкери кирип келип, чыгармачылык топтун бардык мүчөлөрүн дубалга тургузуп, кеңсе менен аянтты тинтип башташты», — деп билдирет тасманын режиссеру Руслан Акун менен байланышкан Кыргызстандын коомдук телерадиокорпорациясы (КТРК).
Полиция кызматкерлери чатыр үстүндө тасма тартылып жаткандыгына ынангандан кийин кетип калышкан.
«Бардыгы тез аранын ичинде болгондуктан биз күтүүсүз абалда калдык. Бир нече убакыт өткөндөн кийин гана өзүбүзгө келип, тасманы тартууну кайра уланттык», — деди КТРКга берген маегинде аты-жөнү жазылбаган чыгармачылык топтун мүчөсү.
Полиция тасманын тартылып жаткандыгына күбө болгон кимдир бирөө даттангандан кийин келди, деп эсептейт тасманын жаратуучулары.
«Полиция кызматкерлеринин тез арада реакция жасашы мага бир бакача таасир калтырды, анткени биз жаңы гана буюдарыбызды салыштырып баштаганда үстүбүздө тик учак пайда болду да …», — деп жазылган тасманын микроблогунда.
Тасма эки айдан бери Нью-Йоркто тартылып жатат. Анын жаратуучулары «Салам, New York» АКШдагы кыргызстандыктын жашоосун чагылдыра тургандыгын айтып жатышат.
Автор: Шерзод Бабакулов