АФКнын президентинин кубогу: «Дордой» биринчи беттешинде мелдеш ээси болгон тажик командасынан жеңилди

Кыргызстандын футбол боюнча чемпиону «Дордой» «Истиклол» аттуу тажик клубуна 0:2 эсебинде жеңилди, муну менен ал Азиядагы эң рейтинги төмөн өлкөлөрдүн клубдары арасында өтө турган мелдештин финалына чыгуу мүмкүнчүлүгүн бир кыйла оорлотту.

«Истиклол» коргоочу Даврон Эргашевдин аракети менен оюндун 38-мүнөтүндө эсепти ачты, ал бурчтан чыгарылып берилген топту башы менен сүзуп киргизди.

52-мүнөттө тажик командасынын коргоочуларынын бири өз айып аянтчасынан колу менен ойногондугу үчүн он бир кадамдык белгиленип, «Дордойдо» эсепти теңөөгө мүмкүнчүлүк пайда болгон.

«Истиклол» клубунун колу менен ойноп койгон оюнчусу Сохиб Саванкулов оюндан четтетилди, бирок «Дордойдун» оюнчусу Азамат Байматов 11 кадамдыкты ишке ашыра алган жок — душанбеликтердин дарбазачысы Алишер Туйчиев топту кармап калып, күндүн баатыры болуп калды.

Шыктанып калган душанбеликтер азчылык болуп калгандыктарына карабастан сегиз мүнөттөн кийин дагы бир топ киргизишти, жарым коргоочу Махмадали Садыков оң капталдан таамай тепти — «Дордойдун» дарбазачысы Павел Матяш топтун багытын баамдап билгени менен топ анын колунан өтүп барып дарбаза торун көздөй өтүп кетти.

Оюндун аягында «Дордой» жанданып, жакшы ойноп баштаган, бирок көптөгөн чабуулдарынын бирин дагы ишке ашыра алган жок.

Негизги атаандаштар

Азия футбол конфедерациясынын расмий сайтынын версиясы боюнча, «Дордой» менен «Истиклол» АФК президентинин кубогу үчүн мелдешке катышып жаткан командалардын эң күчтүүлөрү деп эсептелишет.

Бирок чүчүкулактан кийин борбордуказиялык алптар бир топко туш келип калган.

Регламентке ылайык, финалдык бөлүккө эки топтун жеңүүчүсү гана өтөт.

Ар бир топто болгону үч гана клуб бар экендигин эске алсак, анда «Дордойдун» «Истиклолдон» жеңилүүсү анын финалга чыгуу мүмкүнчүлүгүн бир топ эле кыйындатып койду.

Эми бүгүн беттешкен эки клуб тең камбоджалык «Пномпень Крауна» клубуна каршы ойнойт. Биринчилерден болуп, 26-сентябрда, шаршемби күнү кыргыз футболчулары оюнга чыгышат.

«Истиклол» болсо Камбоджанын клубу менен 28-сентябрда ойнойт.

Финалга чыгыш үчүн «Дордой» кийинки беттешүүсүндө жеңишке жетип, «Истиклолдун» жеңилүүсүнө үмүттөнүүсү керек.

АФКнын президентинин кубогу — Азиянын эң төмөнкү рейтингдүү өлкөлөрүнүн чемпиондорунун арасындагы мелдеш. «Дордой» бул чемпиондукту эки жолу жеңип алган жана төрт жолу финалдык бөлүктө утулуп калган.

Автор: Бектур Искендер