Насыячылар Бишкектеги Максим Горький атындагы паркка боз үй тигишти — алар пайыздык өлчөмдөрү жогору деп эсептеп, кичи насыя бере турган компаниялардын жабылышын талап кылып жатышат. «Мөл Булак» жана «Компаньон» компаниялары комментарий берүүдөн баш тартышты. «Финка» жооп даярдап жатат.
150гө жакын киши Бишкектеги Горький атындагы паркка боз үй тигип алышты — митингке чыккандардын айтымдарында, алар насыяларды келишимдерге карабастан алып алып, андан кийин жогорку пайыздар менен төлөй албай калышкан.
«Кичи насыя берүүчү компаниялар акча бере баштаган, алардын пайыздык өлчөмдөрү өтө эле жогору: расмий пайыздык өлчөмү жылына 85 пайызга чейин жетет», — деди митинчилерди колдоп жаткан «Кыргызстандын жаңы күчтөрү» элдик кыймылынын төрагасы Кубат Токсобаев «Клоопко».
Анын айтымында, насыя алгандар өз үйлөрүн күрөөгө коюшкан, андан кийин аларды алдырып жибербеш үчүн жеке насыя берүүчүлөрдөн карызга акча алышкан.
Нааразычылык акциясынын катышуучусу Раткан Сакиеванын айтымында, алар насыяларды кечип берүүнү талап кылбастыгын жана келишимге келүүгө даяр экендиктерин «Клоопко» билдирди.
«Биз насыяларыбызды төлөбөйбүз деген жокпуз, бирок чек болушу керек», — деди ал.
Акциянын катышуучулары кичи насыя компанияларын жабуу маселеси боюнча парламенке чыгуу ниеттери бар экендигин билдиришти.
Кичи насыя берүүчү «Компаньон» жана «Мөл Булак» компаниялары комментарий берүүдөн баш тартышты.
Оштогу насыя алгандар
Ушундай эле талаптар коюлган митинг 2012-жылдын жай айларында Ош шаарында болгон — насыя алып төлөй албаган жарандар шаардын борбордук аянтына боз үйлөрдү тигип алып, өлкөнүн түштүгүндөгү кичи насыя берүүчү компанияларды жабуун талап кылышкан.
Жыйынтыгында, «Мөл Булак» компаниясы эпке келип, насыя алгандардын бир бөлүгүнүн карыздарын кечүү маселесин карагандан кийин алар тарап кетишкен.
Авторлор: Кубан Макешов, Клара Абдукова жана Виктория Васильева
Редактор: Зарема Султанбекова