«Фридом Хауз»: кыргыз интернети «толук эркин эмес» статусун алды

Дүйнөдөгү эркиндиктин деңгээлине көзөмөл жүргүзүү менен алектенген «Фридом Хауз» америкалык бейөкмөт уюму кыргыз интернетине «толук эркин эмес» статусун ыйгарды. Кыргызстан «интернеттин эркиндиги» боюнча рейтингке биринчи жолу катышып жатат — ал 47 өлкөнүн ичинен 18 орунда.

Кыргызстан «интернеттин эркиндигинин» деңгээли боюнча жүз айып упайынын 35ин алды — ал «Фридом Хаузтун» рейтингинде «эркин» деңгээлине көтөрүлүш үчүн беш упайын жоготушу керек.

Бул сан үч критерий менен аныкталган:

интернетке кирүү мүмкүнчүлүгүнө болгон тоскоолдуктардын деңгээли — 25 айып упайдан 13 упай
мазмунуна чектөөлөрдү киргизүүнүн деңгээли — 35 айып упайынан 10 упай
колдонуучулардын укуктарын чектөө — 40 айып упайдан 12 упай
Кыргызстан «интернеттин эркиндигинин» деңгээли боюнча өткөрүлгөн былтыркы рейтингке катышкан эмес.

Изилдөөчүлөр өлкөнүн калкынын көпүчүлүк бөлүгү маалыматты телеберүүлөр аркылуу алгандыктан кыргыз бийлиги интернетке аз көңүл бурат деп божомолдошууда — «Фридом Хауз» уюмунун маалыматы боюнча, ушундан улам телеберүүлөрдүн мазмуну көп цензурага кабылат.

Уюм Кыргызстанда блог тармагы начар өнүккөндүгүн белгилейт — изилдөөчүлөрдүн пикиринде, кыргыз блогчулары саясий темаларга аз жазышат.

«Блогдордун көпчүлүгү көңүл ачууга багытталып, маалымат агенттиктеринен алынган жаңылыктар же адамдардын түрдүү темалар боюнча ой жүгүртүүлөрүн өз ичине камтыйт», — деп жазылган «Фридом Хауз» уюмунун отчетунда.

Кыргыз интернетиндеги «цензура»

Кыргыз парламенти сентябрдын башында «балдарга зыяндуу» маалыматтарды камтыган сайттарды бийликтегилердин тосмолоосуна укук бере турган мыйзам долбоорун демилгелеген.

Мыйзам долбоорун сынга алгандардын пикиринде, ал кыргыз интернетиндеги цензураны легалдаштыруусу мүмкүн.

Мыйзам долбооруна каршы чыккандардын арасында Кыргызстандагы популярдуу интернет-порталдардын бири - «Намба» да бар.

Анын өкүлү Дарья Суходолова «Клоопко» берген маегинде алар мыйзам долбоорунун бир дагы келишимдүү варианты менен макул болууга даяр эмес экендиктерин жана анын кабыл алынышына каршы боло тургандыктарын айтты.

Автор: Зарема Султанбекова