Канттагы ЖККУнун авиабазасы эми орусиялык бомба таштоочу оор учактарды кабыл ала алат

Канттагы ЖККУнун аэродромунун учак коно турган тилкеси узартылат — эми ал «стратегиялык авиацияны» кабыл ала алат, дейт Орусиянын коргоо министи. Кыргызстандын Коргоо министрлиги бул тууралуу билбейт, бирок Канттагы авиабазага оор авиацияны жайгаштырууда же алып келүүнүн алдында макулдашууну талап кылат.

«Техникалык жактан биз «Кант» аэродромунун тилкесин кайра курууну жарым жылдын ичинде бүтөбүз. Теорияда жарым жылдан кийин аэродром биздин стратегиялык авиацияны кабыл ала алат, бирок мындай техниканы реалдуу түрдө кабыл алуу — бул жакшылап карап, салмактап көрө турган билдирме», — деп жазат «РИА Новости» маалымат агенттиги Орусиянын коргоо министри Анатолий Сердюковдун сөзүн.

Орусия аба-аскер күчтөрүнүн стратегиялык авиациясына алыстан бомба таштай ала турган Ту-95, Ту-160 жана Ту-22 учактары кирет.

Бул тууралуу Анатолий Сердюков 21-сентябрда Кыргызстанда бириккен орусия аскер базасын түзүү тууралуу келишимге кол коюлгандан кийин билдирген. Ал өз ичине Караколдогу кемелерге каршы сыноочу борборду, эки сейсмикалык станцияны, Кара-Балтадагы байланыш түйүнүн жана Канттагы ЖККУнун аэродромун камтыйт.

«РИА Новостинин» маалыматы боюнча, Орусиянын бириккен базасы Кыргызстанда 2032-жылга чейин жайгашат.

Кыргызстандын Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Алмазбек Намазалиев Орусиянын Канттагы авиабазаны оор учактарын жайгаштыруу же май алмаштыруучу жай катары пайдалануу планы тууралуу кабардар эмес.

«Бирок бул сөзсүз түрдө биз менен макулдашылышы керек», — деди ал «Клоопко».

Аймактык коопсуздук боюнча серепчи Леонид Бондарец «Клоопко» берген маегинде Кантта бомба таштай турган оор учактарды дайыма жайгаштыруу максаттуу эмес деген пикирин билдирди.

«Ал учактарды Кантта узак мезгилге жайгаштыруу Орусияга пайдалуу болбойт, анткени тетиктер менен күйүүчү май жеткирип туруш керек. Бул жерде аэродромду оор учактарды убактылуу жайгаштыруу же май алмаштыруу үчүн колдонуу жөнүндө сөз болуп жатса керек», — деп белгиледи адис.

Бондарец бул маселени кароодо расмий Москванын аймактагы аскердик күчүн күчтөнтүү боюнча каалоосун карай бергенге болбойт, деп кошумчалады. Айтымында, керек болгон учурда Орусия «эки-үч сааттын ичинде» учактарын жиберип тез эле күчтөнтүп алат.

Орусия өзүнүн Канттагы авиабазасын Жамааттык Коопсуздук Келишим уюмунун алкагында 2003-жылы ачкан. Авиациялык техниканын штаттык санынын катарында беш Су-25 жакын аралыкта чабуул жасоочу согуштук учак, эки Ми-8 тик учагы жана бир нече Л-39 үйрөнүү учактары бар. Авиабазанын контингенти — 400дөй киши.

Орусия авиабазасынан 40 чакырым алыстыктагы «Манас» аэропортунда көбүнчө АКШнын аба-аскерий күчтөрү тарабынан көзөмөлдөнгөн Транзиттик жүк ташуу борбору жайгашкан.

Автор: Аскар Акталов