Кошумча милиция кызматкерлери келгенден кийин Ош-Ноокат унаа жолундагы митингке чыккандар жолду ачышты [16:18де жаңыланды]

Митинг болуп жаткан жерге Оштон дагы үч автобус милиция кызматкери келди – митингке чыккандар эч каршылык көрсөтпөстөн жолду ачышты. Милициянын өзгөчө багыттагы бөлүмүнүн кызматкерлери жолдун сапатына нааразы болуп жаткан айдоочулардын унааларынын номурларын чече башташты.

15:56 Ош-Ноокат унаа жолундагы митингке чыккандар милициянын кошумча күчтөрү келгенден кийин эч каршылык көрсөтпөстөн жолду ачышты.

13:49 Оштон Ноокатка үч автобус милиция келди, алар жолду ачууга көмөктөшүү үчүн кошумча күч катары алынып келинген.

13:39 Ноокат районунун акими Замирбек Аскаров аз убакытка болсо да жолду оңдоо үчүн 50 миң сом бөлүп берүүнү убадалады. Замирбек Аскаров: Оңдоо иштерин эртең башташат.

12:00 Митингке чыккан айдоочулар Токтомамат Зулпуев айылдык округунун жанында Ош-Ноокат унаа жолун таштар жана тактайлар менен тосуп салышты — болжол менен 50дөй унаа ал тосмодон өтө албай жатышат.

40ка жакын милиция кызматкери «күч колдонуу ыкмасы менен» митингтин катышуучуларын кууп башташты, деп билдирди «Клооптун» кабарчысы.

«Милиция кызматкери айдоочулардын бирин түртүп баштаганда ал каршылык көрсөткөн, анан анын көйнөгүн тытып салышты», — дейт «Клооптун» кабарчысы.

Айдоочулар жол төшөлмөсүн оңдоону талап кылып, унаа тетиктери тез сынып жаткандыгын айтып даттанып жатышат.

«Биздин биринчи талабыбыз — Жантөрө Сатыбалдиев келсин да жолду [Ош-Ноокат] оңдоого каражат бөлүп берсин. Бузулуп, сынган тетиктерге кеткен чыгымдын ордун толтуруп берсин», — дейт митингдин катышуучуларынын бири Турсунали Ажикулов.

Ош шаарынан Ноокатка эл ташыган айдоочу Каныбек Рыспаев жүргүнчүлөр жолдогу чуңкурлар менен өңгүл-дөңгүлдөргө даттанып жатышкандыгын айтты.

«[Жүргүнчүлөр] бир туруп биздин акырын айдообузду, бир туруп тез айдообузду өтүнүшөт. Жол чаң. Андагы чуңкурлардан улам жүргүнчүлөргө жаман болуп жатат. Бизге болсо унааларыбызды ар 15 күн сайын оңдоого туура келип жатат», — деп даттанды Рыспаев.

Ноокат районунун акими Замирбек Аскаров жергиликтүү бийлик нааразы болгондордун арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жаткандыгын айтты.

«Алар [айдоочулар] митингке 16-апрелде дагы чыгышкан. Анда Унаа министрлиги бийлик жолду капиталдык оңдоону августтун аягында же сентябрдын башында баштайт деп убада беришкен, бирок алар убадаларын аткарбагандыктан айдоочулар иш таштап жатышат», — деп түшүндүрдү Аскаров.

Аким унаа жолун оңдоо маселеси мамлекеттик деңгээлде чечилиши керек деп эсептейт — жергиликтүү бийлик бир нерсе кылууга мүмкүнчүлүгу жок, деди ал.

«Жоопкерчиликке тартабыз»

Ноокат районунун прокурору Баймырза Жаанбеков айдоочулар унаа жолун «мыйзамсыз» тосуп жатышат жана алар жоопко тартылышат деп билдирди.

«Бул мыйзамсыз. Тендер жарыяланган, аны жеңип алган фирмалар бар, алар жакында жолду оңдоп башташат», — деди прокурор.

Жаанбеков унаа жолун оңдоо иштери качан башталарын так айткан жок.

Аты-жөнүн айтпаган Унаа министрлигинин басма сөз катчысы «Клоопко» берген маегинде мекеменин Ош-Ноокат унаа жолун оңдоо тууралуу убадасын тактап, текшере тургандыгын билдирди.

Бул Ноокат районунун жашоочуларынын жолдун начардыгына биринчи жолу даттанышы эмес — июлдун башында Дел-Карагач айылдык округунун жашоочулары Ош-Баткен унаа жолун тосуп, оңдоону талап кылышкан.

Анда Унаа министрлиги жолду ондоо үчүн 30 миллион сом бөлүнгөндүгүн билдиргенден кийин нааразы болгондор жолду ачып, таркап кетишкен.

Авторлор: Дастан Үмөтбай уулу, Элгазы Сапар уулу  жана Айзат Шакиева