Ош облусунда 1-октябрга чейин кой этин сатууга тыюу салынды

Тыюу салууга Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы койдун кырылышы себеп болду, анда Өзбекстандан алынып келинген «колдо жасалган вакцинанынын» айынан 1700дөн ашык кой өлгөн, деп билдирет Ош облустук ветеринария башкармалыгы. Тыюу салууга эт саткандар нааразыалардын бир катары жумушка чыкпай коюшкан.

Сузак районунан Ош облусуна алынып келинген ылаңдалган малдын эти Кара-Суу жана Ноокат шаарларынан табылган, мындан улам кой этин сатууга убактылуу тыюу салуу боюнча буйрук чыгарылды, дейт Ош шаарынын ветеринария башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Мамат Боронбаев.

Анын айтымында, бийликтегилер ылаңдалган койлордун эттеринин шаарга тарап кетишин каалабай эле.

«Тыюу салуу Сузак районундагы койдун массалык кырылышына да байланыштуу», — деп кошумчалады Боронбаев.

Ош облустук ветеринария башкармалыгы «колдо жасалган вакцинанын» сынамын Москвага анализге жиберди, деди шаардык ветеринария башкармалыгынын башчысынын орун басары.

Оштун борбордук базарындагы сатуучулар тыюу салууга нааразы. Бирок, айтымдарында, алар бийликтин чечими менен макул болууга аргасыз.

«Эки күндөн бери эт сатылбай эле. Бул тууралуу бизге кечээ айтышкан. Албетте бул биздин чөнтөгүбүзгө таасирин тийгизет, эми биз убактылуу ишибизден четтөөгө туура келет», — дейт базарда эт менен соода кылган сатуучу Хуршид Назиров.

Эт менен соода кылган башка сатуучу Айсулуу Арзыбекова кой этин сатууга убактылуу тыюу салынгандан кийин ал дароо эле уй этин сатып ала баштагандыгын билдирди. Айтымында, тыюу салуу анын ишине эч кандай деле таасирин тийгизген жок.

Башка эт сатуучулар комментарий берүүгө жеткиликсиз болуп чыкты — тыюу салынгандан кийин Ош шаарынын борбордук базарында эт саткан күркөлөр бош калган.

«Колдо жасалган вакцина»

Жалал-Абал облусунун Сузак районундагы малдын кырылышы коңшу Өзбекстандан алынып келинген колго жасалган вакцина менен эмделгенден кийин сентябрдын ортосунда башталган.

Сузак районунун акими Нурболот Мирзахмедов малдын кырылуусу тууралуу билдирүүлөр 17-сентябрдан баштап келе баштагандыгын «Клоопко» билдирген.

«Малдын чечек оорусуна каршы дарысы Өзбекстандан аткезчилик жол менен алынып келингендиги аныкталды. Эмдөө 8-сентябрдан жүргүзүлө баштаган жана дарынын үч миңдей дозасы колдонулган», — деди чиновник.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, 4500дөн ашык жергиликтүү жашоочу чечек оорусуна каршы сапатсыз дары менен эмделген койлордун этин жеген. Бирок азырынча адамдардын ооругандыгы катталган жок.

«Медицина тармагындагы адистер белгилегендей, ал уулу заттар кайнатуу учурунда бөлүнүп, өлүп калат. Ошондуктан этти жегендердин арасында ооруп калган бир дагы адам жок», — деп жазылган Саламаттык сактоо министрлигинин пресс-релизинде министрдин орун басары Марат Калиевдин сөзү.

Жалал-Абад облустук ИИБсинин басма сөз катчысы Таалайбек Сусунбаев малдын кырылгандынан улам 269-(ветеринардык нормаларды бузуу), 316-(кош көңүлдүк) жана 204-(аткезчилик) беренелери боюнча кылмыш иши козголгондугун «Клоопко» билдирген.

Авторлор: Дастан Үмөтбай уулу, Айзат Шакиева жана Сымбат Аширали уулу