Соттун чечимине нааразы болгондор Ала-Бука районунун судьясын сабап салышты

Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука районунун 200дөй жашоочусу райондук судья Абибилла Жаримбетовду сабап салышты, деп билдиришти милициядан. Жаримбетов баш сөөгү чайкалып, ооруканга жаткырылды.

Аты-жөнүн билдирүүдөн баш тарткан Жалал-Абад облусунун Ала-Бука райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери жашоочулар 25-сентябрда Жаримбетовду иш бөлмөсүнөн “сүйрөп” чыгышкандыгын билдирди.

“Алар сот имаратынын жанында жарым сааттай талашып-тартышышты. Андан кийин агрессивдүү топ аны жол бою сабап РИИБге алып келди”, — деп айтты РИИБнин кызматкери.

Анын айтымында, буга судья Жаримбетов тарабынан чыгарылган чечим себеп болгон, ал райондун эки жашоочусун ээнбаштык үчүн деп үй камагына камоону өкүм кылган — жабыр тарткан тарап жумшак чечим чыгарып койду деп ага нааразы болгон.

Прокурор Жаримбетов тарабынан чыгарылган чечим боюнча Жалал-Абад облустук сотуна даттанган, бирок сот мурунку чечимди күчүндө калтырды.

Жаримбетов учурда райондук ооруканада.

“Судья Жаримбетов “баш сөөгү чайкалган” деген диагноз менен учурда райондук ооруканада жатат”, — деп билдирди Жогорку соттун басма сөз катчысы Айнура Токтошева

Азырынча укук коргоо органдары жашоочуларга карата кандай чара колдонгондугу белгисиз.

Автор: Нуржамал Жаныбекова