Кылмыш иликтөө башкармалыгынын мурунку кызматкери Улан Сыдыков аны 18-августта тез жардам унаасын сүзүп кеткенде мас абалында болгон деп «ушактагандыгы» үчүн тез жардам кызматынын башкы дарыгерин сотко берет. Дарыгер айткандары чын жана далилдөөлөрү бар экендигин билдирүүдө.
Бишкек шаардык тез жардам кызматынын башкы дарыгери Гүлнара Ташибекова кырсык болгон учурда милиция кызматкери мас абалында болгон деген сөзү үчүн Сыдыков аны сотко берем деп опузалап жаткандыгын билдирди.
Бирок, Ташибекова айтканыман кайтпайм дейт — ал Сыдыков мас абалында болгондугун далилдей ала тургандыгын айтты.
«Төртүнчү ооруканада иштеген дарыгерлер текшеришкен жана амбулатордук картада чакыруулар жазылган. Ал жерде оозунан спирт ичимдигинин жыты бар болгон деп даана жазылып турат. Анын ичимдик ичкендигин танууга болбойт, ал жерге бардык дарыгерлер кол койгон», – деп ишендирүүгө аракет кылды башкы дарыгер.
30-августта соттук-медициналык экспертиза унаалар сүзүшкөн маалда Сыдыков соо болгон деген жыйынтык чыгарган.
Ички иштер министрлиги 6-сентябрда унаа кырсыгы боюнча тергөө иштерин аяктап, Сыдыковду кызматынан кетирген.
18-августта жетинчи кардиологиялык топ оор абалдагы бейтапты №1 шаардык ооруканага алып бара жаткан, кайрылыштан Сыдыков башкарып келе жаткан «БМВ» үлгүсүндөгү унаа келип аларды сүзгөн.
Тез жардам унаасы жол жээгиндеги бакка барып сүзүлгөн — кардиологдун билеги сынып, фельдшердин денеси көгөргөн. Бейтап эч нерсе болгон эмес.
Иштин материалдары андан аркы тергөө үчүн Бишкек шаардык прокуратурасына жиберилди — ал жердегилер тергөөнүн сыры деп комментарий берүүдөн баш тартышты.
Авторлор: Клара Абдукова, Куман Макешов жана Виктория Васильева
Редактор: Александра Ли