Укук коргоочулар Бекназаровдун Конституциялык палатанын судьясы болушуна каршы

Сотторду тандоого көзөмөл жүргүзгөн «Прецедент» өнөктөштүк тобу Азимбек Бекназаров 2005-жылы башкы прокурор болуп турганда бир нече жолу мыйзам бузган, ошондуктан ал Конституциялык палатанын судьясы боло албайт, деп эсептейт. Саясатчы өзү болсо укук коргоочулардын артында «кимдир бирөө» турушу мүмкүн деп шектенүүдө.

Бекназаров 2005-жылы башкы прокурор болуп турганда бир катар кылмыш жана жарандык иштерге «принципсиз басым жасагандыгы» менен белгилүү, деп жазылган «Прецедент» өнөктөштүк тобунун Сотторду тандоо кеңешине жиберген кайрылуусунда.

«Бекназаровдун Конституциялык сотко өтүп кетиши силердин буга чейинки Жогорку сотту кайра куруу боюнча кылган бардык аракеттериңердин баркын кетирет жана Сотторду тандоо кеңешинин легитимдүүлүгү тууралуу маселени кайра козгойт», — деп жазган уюм жетекчиси Нурбек Токтакунов өзүнүн Facebook социалдык тармагындагы баракчасына.

Укук коргоочулардын пикири боюнча, Бекназаровдун кулк-мүнөзү «судьяныкына» туура келбейт.

«Конституциялык соттун судьясынын кулк-мүнөзү менен «революциянын бульдозери», 2005-2010-жылдардагы саясий төңкөрүштөрдүн активдүү катышуучусунун кулк-мүнөзү дал келбейт», — деп эсептешет активисттер.

Бекназаров укук коргоочулардын билдирүүлөрү — алардын “өздөрүнүн көйгөйлөрү” деп айтты “Клоопко”. Ал активисттердин артында «кимдир бирөө» турушу мүмкүн деген шектенүүсүн билдирди, бирок ким экендигин тактаган жок.

Токтакунов даттануусун Сотторду тандоо кеңешине жөнөткөндүгүн билдирди.

Сотторду тандоо кеңешинин басма сөз катчысы Кундуз Жолдубаева  «Клоопко» берген маегинде Токтакуновдун даттануусу азырынча мекемеге келе электигин, бирок Конституциялык палатанын судьяларын тандоодо ал даттануу эске алынаарын билдирди.

Автор: Шахида Дүйшеева жана Айзирек Алмазбек кызы

Редактор: Зарема Султанбекова