Жапаровдун кол тийбестигин алуу маселеси 28-сентябрда чечилет

Садыр Жапаровдун кол тийбестигин алуу маселесин карап жаткан парламенттик комиссия кийинки жыйынында, башкы прокуратуранын көрсөтмөсүн уккандан кийин чечим чыгарат.

«Ата-Журт» фракциясынан депутат Жылдызкан Жолдошева «Клоопко» берген маегинде комиссиянын экинчи жыйыны 28-сентябрда болоорун билдирди.

Жолдошева мурунку жыйында депутаттар Жапаров менен башкы прокурордун орун басарынын көрсөтмөлөрүн уккандыктарын айтты.

Депутаттык комиссиянын калган мүчөлөрү комментарий берүүгө жеткиликсиз болуп жатат.

Жапаров болсо комментарий берүүгө жеткиликсиз болуп чыкты.

Парламентарий качып кеткен президент Курманбек Бакиевдин мүлкүнө «мыйзамсыз» ээлик кылган, деп шектелип жатат.

Башкы прокуратура Жапаровго карата кылмыш ишин козгоду, деп билдирген 17-августта, Башкы прокуратуранын ички тергөө бөлүмүнүн жетекчиси Каныбек Турдумамбетов журналисттер менен жолугуу маалында.

Жапаровду «алдамчылыкка» жана «кылмыш жолу менен ээлик кылган мүлктү сатууга» күнөөлөшкөн  — Башкы прокуратура парламентарийди депутат Туратбек Мадылбековдун уулу Эльдар Мадылбековго карата козголгон кылмыш ишинин алкагында жоопкерчиликке тартуу ниетинде.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, Эльдар Мадылбеков Бакиевдердин үй-бүлөсүнө тиешелүү болгон имаратка «мыйзамсыз» ээлик кылып, андан кийин аны жасалма документтер менен Жапаровго сатып жиберген.

Автор: Шахида Дүйшеева

Редактор: Александра Ли