Өкмөт компьютердик дисктерди көчөдө сатууга тыюу салды

Кыргызстандын бийлиги өлкөдө пираттык өндүрүмдүн санын азайтуу максатында дисктерди көчөдө, базарларда сатууга тыюу салды. Диск сатуучулар тыюу салууга каршы чыгышты.

Мындан ары кандай гана диск болбосун атайын адистештирилген борборлордо гана сатууга уруксат берилет — мындай эрежени 26-сентябрда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев өзүнүн токтому менен киргизди.

Диск сатууга тыюу салынган жерлердин тизмесине жайма жана жөнөкөй базарлар, унаалар, жер төлөөлөр сыяктуу ажыратылып-бириктириле турган конструкциялардын бардыгы киргизилди.

«Клооп» тарабынан сурамжыланган Бишкекте диск саткандардын бардыгы тыюу салуу тууралуу чечимге нааразы экендиктерин билдиришти — алардын пикирлеринде, баалары жогору болгондуктан жөнөкөй жарандар сертификацияланган дисктерди сатып ала албай калышат.

«Бизде адамдар сертификацияланган дисктерди сатып ала алышпайт. Биздин дисктердин баасы 50 сом болсо, сертификациялангандар — 800 сом турат. Мындай баага ким сатып алат?», — деп суроо салат ЦУМдан алыс эмес жерде жайгашкан аялдамада иштеген Сергей.

Сергей жол жээгинде дисктерди сатуу улана берет деп эсептейт, бирок сатуучулар пара берүүгө мажбур болуп калышат дейт.

Аты-жөнүн айткысы келбеген дагы бир диск сатуучу ушундай эле пикирде — анын айтымында, мамлекет алгач адамдарды жумуш менен камсыз кылып, андан кийин гана бул сыяктуу токтомдорду кабыл алышы керек.

«Албетте, биз жоготууга учурайбыз. Ал аз келгенсип жумуш да жок. Биз ушуну менен акча табабыз [диск сатып]. Биринчи өкмөт жумуш таап бериши керек, антпесе бизге кыйын болуп калат», — деп айтты ал «Клоопко».

Кесиптештерин «ЦУМ-Айчүрөк» кичи базарындагы диск саткан сатуучу да колдоду — ал ооруп, башка жумушта иштей албай тургандыгын, бирок эки кызы менен кош бойлуу жубайын багууга мажбур экендигин айтты.

«Биз анан эмне менен алектенебиз? Мен оорукчан адаммын, мисалы, курулуш тармагында иштей албайм. Менин эки кызым бар, жубайым да кош бойлуу», — деп нааразы болду ал.

Өз нааразычылыгын диск саткан жерге келген сатып алуучу да айтты — анын пикиринде, мамлекет «түшүнүксүз» иштеп, «элдин жашоосуна катышпай жатат».

Автор: Зарема Султанбекова