Футбол боюнча Кыргызстандын чемпиону «Дордой» АФК президентинин кубогу үчүн болгон экинчи оюнда камбоджалык «Пномпень Краун» клубун 8:0 эсебинде утуп алды. Бишкек клубунун финалга чыгуусу жума күнү «Пномпень» менен тажикстандын «Истиклол» клубдарынын ортосундагы өтө турган оюндун жыйынтыгына байланыштуу болот.
«Дордой» беттештин башында эле жакшы баштады — бешинчи мүнөттө эле мурунку«Истиклол» менен болгон оюнда 11 кадамдыктан киргизе албай калган Азамат Байматовдун таамай соккусунан кийин камбоджалыктардын дарбазачысы Самрет Сейх топтун өткөрүп жиберди.
Бишкектиктердин чабуулчусу Дэвид Тетте үч мүнөттөн кийин эле дагы бир топ киргизди.
Шар башталган оюндан кийин Кыргызстандын клубу биринчи жарым бөлүк аяктаганга чейин бир дагы чабуулун аягына чейин чыгара алган жок.
Мелдештин финалдык бөлүгүнө өтүү мүмкүнчүлүгүн сактап калуу үчүн «Дордой» эң аз дегенде үч топ айырмасында жеңишке жетүүсү керек болчу.
Коргоочу Валерий Кичин 58 мүнөттө атаандашынын дарбазасына дагы бир топ киргизип, эсепти 3:0гө жеткирди.
Бирок машыктыруучу Сергей Дворянковго бул дагы аз көрүндү — ал оюндун 61-мүнөтүндө бразилиялык оюнчу Андерсонду алмаштырууга чыгарып, команданын чабуулдук бөлүгүн күчтөнттү - ал оюнга аралашкандан көп өтпөй эсепти 4:0гө жеткирди.
Мындан кийин «Пномпендин» коргоосу биротоло алсырап калды жана беттештин акыркы жыйырма мүнөтүндө камбоджалыктар дагы төрт топту өткөрүп жиберишти — Байматов 72чи, Ислам Шамшиев 75чи, Нуркал Сатаев 83чү жана Байматова кайра 90-мүнөттө гол киргизди.
Ошентип, Байматов бир оюнда үч гол киргизип, жалгыз хет-трик жаратты.
Финалга болгон мүмкүнчүлүктөр
Оюндан кийин «Дордой» клубунун башкы директору Борис Подкорытов «Клооптун» кабарчылары менен болгон маегинде камбоджалык клубдун «Дордойго» каршы«мүмкүнчүлуктөрү» болбогондугун айтты.
Мынчалык ири эсептеги жеңишине карабастан Кыргызстандын чемпионунун финалга өтүү мүмкүнчүлүгү өтө жогору эмес — ал үчүн топтук беттештердин акыркы оюнунда «Пномпень» душанбелик «Истиклолду» жеңүүсү керек.
Топтук оюндардын биринчи беттешинде «Истиклол» «Дордойду» 2:0 эсебинде жеңип алган.
Мелдештин финалдык бөлүгүндө ар бир топто үч гана команда бар экендигин эске алсак, финалга чыгуу үчүн «Истиклолго» «Пномпень» менен болгон беттешинде тең чыгуу гана жетиштүү болот.
Теориялык жактан финалдык бөлүккө өтүүгө «Пномпендин» да мүмкүнчүлүгү бар, бирок ал үчүн камбоджалыктар «Истиклолду» 14 же андан көп топ айырмасында жеңүүсү керек.
Авторлор: Бектур Искендер жана Гүлдана Адылова