Өкмөт «Манас» деген терминди товарлардын аталышы үчүн колдонууга чектөө киргизди

«Манас» терминин, анын негизинде түзүлгөн сөздөр менен сөз айкаштарын товардык белгилердин аталышы катары колдонуу эми Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматынын уруксаты менен гана мүмкүн болот, деп жазылган өкмөттүн 27-сентябрдагы токтомунда.

Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматынан «Манас» терминин колдонууга уруксат алуу үчүн каалоочулар төмөнкү талаптарга жооп берүүлөрү керек:

мамлекеттик бийлик органы болушу керек
Кыргызстандын рыногунда үстөмдүк кылуучу орунга ээ болуусу керек
Кыргызстанга гана тиешелүү болгон кызматтарды көрсөтүп же товарларды өндүрүүсү керек
Дүйнөлүк рынокто Кыргызстандын кызыкчылыгын беш жылдан аз эмес убакыт коргогон болушу керек
Кыргызстандын социалдык-экономикалык инфраструктурасынын жакшырышына багытталган кызматтарды кылып, товарларды өндүрүүсү керек.
Буга чейин аталган терминди колдонуп келгендер эски аталыштары менен калат.
Бейөкмөт уюмдар Кыргызстанда 10 жылдан кем эмес иштесе, ошону менен бирге өлкөнүн көпчүлүк аймактарында өкүлчүлүктөрү болсо «Манас» деп аталууга укуктуу болот.
Манас кимге - Кыргызстанга же Кытайга - таандык экендиги тууралуу талаш-тартыштар 2009-жылы, ЮНЕСКО «Манасты» Кытайдын атынан материалдык эмес маданий мурасы катары катоо сунушун алгандан кийин башталган.

Ал талаш Кыргызстандын пайдасына чечилген.

Автор: Зарема Султанбекова